"Мунай ташуучулар" күйүүчү майды маркалоо иши даярдыксыз башталганын билдирди

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Архив.

“Мунай ташуучулар” бирикмесинин төрагасы Канат Эшатов Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү майларды маркалоо иши даярдыксыз башталганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 22-октябрдагы жыйынында билдирди.

“Маркалоо ишин аткарган “Учкун” ишканасынын даярдыгы жок. Биздин вагондор туруп калып жатат. Вагондор бир күн туруп калса, экинчи суткадан баштап 5 миң сом айып салынат. Үчүнчү суткадан баштап дагы көбөйөт. Азыр ар кайсы мунай базаларында маркалоону күтүп турган вагондор бар. Эгерде беш күн туруп калса, күйүүчү майдын 1 литрине 72 тыйындан 1,2 сомго чейин кошулуп жатат”, - деди Эшатов.

Ал күйүүчү май Кыргызстанга темир жол аркылуу ташылып келгенде автоматтык каттоо системасына кирерин, май куюучу жайларда да чек аркылуу көрүнөрүн, баары ачык-айкын экенин кошумчалады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов күйүүчү майды маркалоо ыкмасы аткезчиликке бөгөт коюп, ачыктыкты орнотуу үчүн киргизилгенин тактады.

Маркалоо киргенден кийин күйүүчү майдан 18 күндүн ичинде 287 миллион сом акциздик салык түшкөнүн, бул былтыркы жылдын октябрында чогулган каражаттан 27,5% көп экенин кошумчалады. Күйүүчү майларды маркалоо үчүн литринен 37 тыйын алына турганын маалымдады.

1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо ыкмасы киргизилген. Анын алдында июнь айынан тарта курамында кант кошулмасы бар минералдык жана газдалган суусундуктарды акциздик маркалоо ыкмасы иштей баштаган. Салык кызматынын маалыматына ылайык, андан берки аралыкта бул товарлардан түшкөн салыктын көлөмү 300% өскөн.

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” курган маегинде турмуш-тиричилик жана электрондук товарларга да маркалоо кирерин билдирген.

Товарды маркалоо – товарга чапталган белги, анда Салык кызматы тарабынан берилген атайын штрих коду болот. Маркалоонун жардамы менен товардын аныктыгын билүүгө жана анын өндүрүштөн сатыкка чыкканга чейинки жолун көзөмөлдөөгө мүмкүн.

Дагы караңыз

Пхеньян Орусияга аскер жөнөткөнү тууралуу маалыматты "жүйөсүз" деп атадыКыргызстанда маяна банк эсептерге гана которулат Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталдыАвиация агенттиги Суданда кулаган учак боюнча түшүндүрмө берди