"Манас” аэропорту Судандагы учак кырсыгына байланыштуу комментарий берди

Орусиялык учактар. Иллюстрациялык сүрөт.

"Манас” эл аралык аэропорту аталган мекеменин күбөлүгү бар орус жаранынын Суданда учак кырсыгына кабылганына байланыштуу комментарий берди.

Маалыматта күбөлүктүн ээси Виктор Гранов аэропортто иштебей турганы жазылган.

“Суданда кыйраган учакта табылган документ (тархетка) “Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерине эмес, Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго берилген. Орусиянын жараны, учкуч Виктор Гранов 2024-жылы май айында "Манас” эл аралык аэропортунан АН-12 самолетун Ошко жеткирүү үчүн чакырылган. Тархетка бортту жеткирүүгө байланыштуу берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Аэропорттун маалыматы боюнча Гранов убактысы дал келбегендиктен АН-12 самолетун Ошко жеткирген эмес.

"Манас” аэропорту борт номери EX 76 011 болгон самолетко Бириккен Араб Эмирлигине таандык “Рим стайл”, 2024-жылдан кийин египеттик New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясы ээлик кылганын кошумчалады.

21-октябрда Суданда Ил-76 жүк ташыган учагы кыйраган. Бортунда болжол менен орусиялыктар болгону кабарланган.

Судандагы кырдаалга көз салган Sudanwarmonitor порталынын маалыматына караганда, "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" (RSF) жикчилдери Бириккен Араб Эмирлигинен учуп келаткан учакты жаңылып атып түшүргөн. Учак "Ыкчам колдоо күчтөрүнө" (RSF) курал-жарак ташып баратканы айтылып жатат.

Окуя Түндүк Дарфурдун Малха аймагында болгону болжолдонууда.

Mash Телеграм-каналы каза болгондордун бири Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов экенин жазды. Интернетке жарыяланган видеолордо анын аты жазылган күбөлүк "Манас" аэропортуна таандык экенин көрүүгө болот.

Былтыр жазында Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" деп аталган оппозициялык куралдуу топтун ортосунда кагылышуу башталган. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү түрткү болгон. Судандын батышындагы Дарфурда зомбулук күчөгөн. Улуттар Уюму 49 миллион калктын жарымынан көбү гуманитардык жардамга муктаж экенин былтыр жыл этегинде билдирген.

Дагы караңыз

Politico: ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды январда талкуулайтБРИКС саммити: Орусияда он чакты активист эскертүү алдыАлбаниянын мурдагы президенти кармалдыГрузияда трансгендер активист кол салууга кабылды