Молдова Европага ыктады, Санду экинчи айлампага чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Молдовада 3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Майя Санду жана мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышмай болду. Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйында маалымдагандай, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу ниетин бекемдөө үчүн Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси колдоо тапты. Өнөктүк алдында Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү тууралуу көп айтылып келген. Москва андай дооматтарды четке кагууда.