Бозгундагы диниятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Гүлен дүйнө салды

Фетхулла Гүлен

25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон.

Фетхулла Гүлен дүйнө салганы тууралуу маалыматты алгач анын насааттарын жарыялап келген келген Herkul сайты жазды.

“Насаатчыбыз 2024-жылы 20-октябрда саат 21.20да узактан бери бери дарыланып жаткан ооруканада дүйнө салды”, - деп жазылат 21-сентябрда X социалдык түйүнүндө жарыяланган билдирүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада дарыгерлер кошумча билдирүү жасай турганы белгиленген.

Маалыматта Гүлен эмне менен ооруп жүргөнү такталган эмес. Диниятчы 1999-жылдан бери Кошмо Штаттарда бозгунда жашаган жана 2017-жылы түрк жарандыгынан ажыратылган.

Гүлендин жээни CNN Turk телеканалына Herkul сайтынын билдирүүсүн ырастады.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан түрк чалгын кызматы Гүлендин өлүмүн ырастаганын билдирип, маркум диниятчыны “карасанатай уюмдун” лидери катары мүнөздөдү. Саясат талдоочу Искендер Ормон уулу Гүлен социалдык (саясий) исламдын эң көрүнүктүү өкүлү болгонун белгилейт.

"Гүлен учурдагы эң белгилүү, эң таанымал, өзгөчө заманбап маселелерге, көйгөйлөргө келгенде, илим-билим менен шайкеш келген жаңы чыйырга кадам таштаган, ошол жолго салым кошкон аалым эле. Себеби ал башынан эле өзү активдүү саясатка кирбей бирок адамзаттын өзгөчө мусулмандардын заманбап маселелерин чечүүдө өзүнүн ыкмасы менен жаңы сунуштарды, жаңы пикирлерди айтып келген, аткарып келген",-дейт эксперт.

Эрдоган Гүленди бийликти төңкөрүү аракетине айыптаган, диниятчы дооматтарды четке каккан

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Анкара төңкөрүш аракети үчүн Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын "Хизмет" кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

  • Хизмет түркчөдөн которгондо “кызмат” дегенди билдирет.
  • Гүлен жана анын кыймылы бийликтин дооматтарын кескин четке каккан.

“Мен бийликти төңкөрүү менен демократияны орнотуу мүмкүн эмес деп эсептейм. Мындай жол республиканы коргоп, Түркиянын дүйнөгө интеграция болуусуна жардам бербейт. Ошондуктан мен аскердик төңкөрүшкө каршымын жана бул боюнча ар дайым өз пикиримди айтып келгем”, - деген эле Гүлен 2016-жылкы билдирүүсүндө.

Ал окуялардан кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүлендин кыймылын "саткындар" деп атап, адамдын денесиндеги "залалдуу шишикке" салыштырган.

Ал ошондой эле аларды каякта болбосун түп тамырынан бери жок кылууну убада кылган.

Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Гүленге байланышы бар делген 77 миңдей киши камалган, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичине мугалимдер, соттор, аскерлер кызматтан алынган. Жүздөгөн мектептер, компаниялар, маалымат каражаттары, ишканалар жабылып, активдери конфискацияланган.

"Албетте Түркияда акыркы жылдары болгон саясий атаандаштык, саясий өзгөрүүлөрдөн улам бул аалым жана анын жолдоочулары көп куугунтукка учурады. Ошого карабай, алар эч качан күч колдонбой, дүйнөдө жүздөгөн өлкөлөрдө мектептерди ачып, ал мектептерде заманбап билим, англис тили менен кошуп, жергиликтүү баалуулуктар менен жуурулуштуруп сабак, адамзатка пайдалуу боло турган, адамзаттын орток маселелерине чечүүчү салым кошо тургандай адамдарды өстүрүүгө бел байлашкан",- дейт саясат таануучу Искендер Ормон уулу.

Гүленге каршы кампания Түркиянын аймактагы өнөктөштөрүнө да жайылган. Борбор Азиянын айрым мамлекеттери диниятчыга байланыштуу окуу жайларга каршы басымды күчөткөн.

Алтургай соңку жылдары Гүленге байланышы бар делген адамдардын Түркияга күчтөп чыгарып кетип, камаган учурлар болду. Буга Кыргызстандан уурдалган Орхан Инандынын окуясын мисал келтирсе болот.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап жүргөн, "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Инанды 2021-жылы 1-июнда Кыргызстанда жоголгон.

Ошол жылы 5-июлда Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып келгенин билдирген.

Түркиянын Жогорку соту 2023-жылы 16-июнда Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Бишкекке кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. 2024-жылы 1-апрелде бул боюнча кылмыш иши токтотулганы маалым болгон.

Эрдогандын мурунку санаалашы

Өз тарапташтарынын арасында Кожо эфенди (Хожа эфенди) же "ардактуу мугалим" катары таанымал Гүлен Түркиянын чыгышындагы Эрзурум провинциясында 1941-жылы төрөлгөн. Атасы имам болгон, ал Куранды бала чагынан окуп үйрөнгөн.

1959-жылы Гүлен өлкөнүн түндүк-батышындагы Эдирне шаарындагы мечиттин имамы болуп дайындалган.

Ал эми 1960-жылдары диниятчы катары Измир провинциясында таанымал боло баштаган. Ал студенттик жатаканаларды негиздеп, чайканаларды кыдырып насаат айтчу.

Гүлендин кыймылы мына ошол студенттик жатаканалардан башталган.

Дагы караңыз Түркияда жаңы саясий кризис тутанды

Гүлен бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана анын "Адилет жана өнүгүү" партиясынын жакын өнөктөшү, санаалашы болгон.

Бирок алардын ортосунда карама-каршылык чыгып, 2013-жылдын этегинде курчуп кеткен. Буга Эрдоганга ымала санаган министрлер менен аткаминерлерге каршы коррупциялык иликтөөлөрдүн жарыя болгону, анда көп нерсе ачыкка чыкканы себеп болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал иликтөөлөрдүн артында “Хизметке” ("Кызмат") кирген прокурорлор жана полиция кызматкерлери турган.

2014-жылы Гүленди камоого ордер чыккан. Анкара узак жылдардан бери аны Кошмо Штаттардан экстрадицияланышын талап кылып келди.

2017-жылы Пенсильваниянын Поконо тоосундагы жабык комплексте сүйлөп жатып, Гүлен АКШдан кетейин деген ою жок экенин айткан.

Ошол кезде ал бир аз алсырап, сылтып басып жүргөн жана дарыланып жатканы айтылган.

Кыргызстандагы "Сапат" мектептери, Гүлендин философиясы

Гүлендин жолдоочулары дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө билим берүү жайларын, мектептерди, университеттерди, диалог борборлорун ачып, иштетип келет.

Алардын арасында Кыргызстан дагы бар. Өлкөдө 16 лицей, "Ататүрк-Ала-Тоо" университети, Silk Road жеке мектеби жана бир нече мектеп, жатакана ачылган. Мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Андан бери бул мектептерден миңдеген кыргызстандык жаштар билим алды. Кыргыз бийлигинин чечими менен 2017-жылы "Сапат" болуп өзгөргөн мекеменин башкаруу формасына бир катар өзгөрүүлөр болгон.

Ишенгүл Болжурова

"Фетхулла Гүлен 80-жылдардан баштап, азыркы технологиялык революция болуп жатканда артта калган мамлекеттердин жаштары деле жакшы билим алып, атаандаштыкка туруштук берип, өз өлкөлөрүнө экономика, билим-илим тармагы боюнча чоң жылыштарды жасай алышат, анткени дүйнөдөгү адамдардын баары бирдей деген ойду айтып жүргөн. Анын үч философиясы бар эле: диалог, караңгылыктан билим аркылуу чыгуу, кедей-кембагалдарга жардам берүү деген. Өнүгүп келаткан, жаш мамлекеттерде билимге көбүрөөк көңүл буруш керек деген максат менен анын санаалаштары жаңы типтеги мектептерди ачышкан", - дейт мурдагы билим берүү министри, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова.

Бул мектептин өкүлдөрү түрк лицейлерди ачуу демилгесинин башында Фетхулла Гүлен өзү турганын айтып жүрүшөт.

Соңку жылдары, өзгөчө Түркиядагы 2016-жылкы окуялардан кийин расмий Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып жүрөт.

Ишенгүл Болжурова Кыргызстанда эң алдыңкы деп саналган билим берүү системасын саясатташтырбоого чакырды: .

"Канча жылдан бери изилдеп жүрөм, "Сапат" математика, биология, физика, химия сыяктуу илимдерди эң жакшы окутканы менен өзгөчөлөнөт. Бул мектептердин окуучулары Кыргызстандын желегин желбиретип, эл аралык олимпиадаларда жеңип жүрүшөт. Билим системасын эч качан саясатташтырбаш керек. Билим системасы келечекке арналган. Ал эми саясат бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн чечет. Ошондуктан "Сапат" Кыргызстандагы эң алдыңкы, башкаларга мисал болгон система”, - дейт Болжурова.