Орусия кайрадан Украинанын энергетикалык системасын бутага алды

Кривой Рог соккудан кийин. Украина, 20-октябрь 2024-жыл

Жекшембиде орус аскерлери Украинанын жер-жерин ракета жана дрондор менен аткылады. Украин расмий адамдары кабарлагандай, энергетикалык жай зыян тартты, бир нече киши жараланды. Днепропетровск облусундагы Кривой Рог шаарына атылган баллистикалык ракетадан 17 киши, арасында куткаруучулар жараат алды. Шаардын коргоо кеңешинин төрагасы Александр Кивлкула 8 киши ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Киевден 400 километр алыс орун алган калаада 15 турак жай, бир нече окуу жайы жана административдик имараттар зыян тартканы кабарланды.

"РБК-Украина" облус прокуратурасына шилтеме менен Харьковго «Гром-ЭИ» гибрид ракетасы менен чабуул коюлганын жазды.

Андан тышкары Сумы облусунда энергетикалык жай бутага алынганын «Сумыоблэнерго» оператору маалымдап, Ромны облусунда 104 калктуу пунктта 37 мин кардар электр энергиясыз калганын кошумчалады.

Украинанын Энергетика министрлиги билдиргендей, 2022-жылдын октябрынан бери Орусия энергетика жайларына бир миңден ашуун сокку урду. Жарандык инфраструктурага соккулар согуш кылмышы болуп эсептелет.

Анын алдында Орусиянын Дзержинск шаарындагы коргонуу заводу дрон чабуулуна туш болгону маалымдалган.

Дагы караңыз

Саидов: Ташкент ЕАЭБге кирүүнү көздөбөйт, байкоочу бойдон калатДзержинск шаарындагы аскердик заводго сокку урулду"Тез Жеттин" аба каттамдарынын токтошу нааразылык жаратты Молдовадагы шайлоо: Биринчи айлампада Санду жеңди