Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:25

Саидов: Ташкент ЕАЭБге кирүүнү көздөбөйт, байкоочу бойдон калат


Ташкент аскердик альянстарга кирбейт, Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) байкоочу бойдон калат. Бул тууралуу өзбек парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Акмал Саидов билдиргенин “Фергана” агенттиги 17-октябрда жазды. Депутаттын айтымында, өлкө аскердик, анын ичинде бейпилдик миссияларын аткаруу үчүн жоокерлерин чет жактарга жөнөтпөйт жана өз аймагына чет элдик базаларды жайгаштырбайт.

Ал эми Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирген ЕАЭБ тууралуу сөз кылган Саидов Өзбекстанга байкоочу макамы ылайыктуу экенин белгиледи.

“Биз ал уюмдун миңден ашуун документтери менен таанышып чыгып, байкоочу макамы Өзбекстандын кызыкчылыгына дал келет деген тыянакка келдик. Мисалы, Казакстан ЕАЭБге кирүүдөн өтө аз пайда тапты. Албетте бул маалыматты мен толук бышыктай албайм”, - деп айтты Ташкенттин өкүлү.

Вице-спикер өлкөнүн бул уюмга кошулуу мүмкүнчүлүгүн караган парламенттик комиссиянын жетекчиси.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кирген.

Уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан кээ бир экономикалык принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат арткан.

Москва биримдикти кеңейтүүгө умтулганы менен байкоочу макамына ээ Молдова, Өзбекстан жана Куба мүчө болууга ашыкпайт.

Казакстанда акыркы жылдары, өзгөчө Орусия Украинага басып киргенден бери ЕАЭБге сын көп айтылып, Москва менен Минскиге санкция салынганына байланыштуу уюмдан чыгуу чакырыктары жаңырып жүрөт.

“Азаттыктын” казак редакциясы жазгандай, былтыр биримдиктен чыгуу петициясына 65 мин киши кол койгон. Бирок кошуна өлкө Орусиядан геосаясий, экономикалык жана логистикалык жактан көз каранды.

XS
SM
MD
LG