Кыйноого кабылган Курманбековго 30 миң сом кенемте төлөнөт

14-октябрда Жогорку соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып, кенемте талап кылган Белек Курманбековдун жана анын апасы Гулипа Таштанованын арызын четке какты.

Бул тууралуу Курманбековдун укугун коргогон "Справедливость" уюмунан "Азаттыкка" билдиришти.

2012-жылы "Аксы районунун тургунун өлтүргөн" деген шек менен кармалган Белек Курманбеков райондук милиция кызматкерлери "кылбаган күнөөсүн моюнуна алдыруу" максатында катуу кыйноого алышканын айтып чыккан.

Белектин адвокаттары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине кайрылышкан. Аталган комитет он жыл мурда соттолуп, абакта отуруп чыккан Белек Курманбековдун кыйноого кабылганын тааныган чечим чыгарган.

Чечимге ылайык, Курманбеков акталып, кыйноого кабылганы жана күнөөсүз камалып, алты жыл түрмөдө отурганы үчүн кенемте төлөнүшү керектигин белгилеген адвокаттары бул өтүнүч менен сотко кайрылышкан.

2023-жылы Биринчи май райондук соту жабырлануучуга 60 миң сом кенемте төлөп берүүнү өкүм кылган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту кенемтенин суммасын эки эсе азайткан.

Укук коргоочулардын белгилөөсүндө, акыркы жылдары Кыргызстандын өзүндөгү сот системасынан адилеттик таба албай, БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуулар көбөйдү.

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча конвенциясына мүчө.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт. (ZKo)

Дагы караңыз

Молдовадагы шайлоо: Алдын ала жыйынтык боюнча Санду алдыдаМолдова: Президенттик шайлоо, ЕБге кирүү боюнча референдум өттү Түркияда он менчик оорукана жабылды"Тез Жет" компаниясынын каттамдары убактылуу токтотулганы айтылды