Жовтенко: Кыргызстан Украинадагы трагедияны эске алышы керек

Валерий Жовтенко.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко "Азаттыкка" экслюзивдүү интервью берип, президент Владимир Зеленскийдий "жеңиш планы", кыргыз-украин байланыштарын чыңдоо, өз өлкөсүндөгү, согуш талаасындагы абал тууралуу суроолорго жооп берди.

Ал Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөдөгү геосаясий факторлорду, ошол эле учурда Украинадагы трагедияны эске алышы зарыл экенин белгиледи. Элчи Кыргызстандын суверендүү өлкө катары ким менен, кандай мамиледе болууну өзү чечерин белгиледи.

"Дароо эле айтайын, биз Кыргызстандын суверендүүлүгүн сыйлайбыз. Кыргызстан суверендүү өлкө катары ким менен кандай мамиле түзүүнү өзү чечет деп эсептейбиз. Бирок ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрү заманбап дүйнөдө бардык геосаясий факторлорду, ошол эле учурда Украинада болуп жаткан трагедияны дагы эске алышы керек. Анткени Украинада чоң мамлекет тарабынан өлкөнү жок кылуу аракети жүрүп жатат. Ал эми Кыргызстан кандай чечимдерди кабыл алат? Бул Кыргызстандын суверендүү укугу", - деди Жовтенко.

Элчинин айтымында, COVID-19 пандемиясына чейин эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 60 млн долларды түзгөн. Былтыр бул сумма 36 млн чейин түшкөн. Ал эми 2024-жылдын жарым жылында эки өлкөнүн товар алмашуусу 20 млн жетти. Жовтенконун айтымында, мунун 30% фармацевтикага туура келет.

Кыргызстан менен Украинанын ишкерлеринин өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуусун уюштуруу пландалып жатканы Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенконун октябрдын башындагы жолугушуусунда айтылган. Валерий Жовтенко жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкө үчүн маанилүү экенин билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинанын дрондору төртүнчү жолу Брянскидеги "Кремний Эл" ишканасына чабуул койдуМосквада Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленетАба ырайы: күн ачык болотБУУ: Газа тилкесинде 1,5 аптага жете турган тамак-аштын кору калды