Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Москвада Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Орусиянын борбору Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара жана жана Маданият күндөрү өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Москвага барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-октябрда кабарлады.

Расмий сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.

Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата форум өткөн аптада Түркиянын Стамбул шаарында белгиленген.

Ага Орусия, Казакстан, Британия, Германия сыяктуу 10 өлкөдөн кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG