Украинанын дрондору төртүнчү жолу Брянскидеги "Кремний Эл" ишканасына чабуул койду

"Кремний Элдеги" өрт, архивдик сүрөт.

19-октябрга караган түнү украиналык учкучсуз учактар Брянск шаарындагы "Кремний Эл" заводуна кеминде төртүнчү жолу чабуул жасашты. Өрттүн видеолору орусиялык жана украиналык Телеграм-каналдарында жарыяланды.

"Кремний Эл" - Орусиядагы микроэлектроника өндүргөн ири ишканалардын бири. Анын продукциясы аскердик керектөөлөргө, мисалы "Панцирь" ракетасын жана "Искандер" ракеталык комплексин жасоодо колдонулат.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз дрон чабуулу тууралуу маалымат берген жок. Анын айтымында, учкучсуз учактарды жок кылуу учурунда эч ким жашабаган имараттын чатыры гана күйгөн.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, түнү Брянск облусунда 13 дрон, дагы экөө Ростовдо, бирөө Белгороддо атып түшүрүлгөн. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Бир нече сааттан кийин Богомаз жана Коргоо министрлиги дагы бир учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу билдиришти. Ага ылайык, төрт дрон атын түшүрүлгөн. Богомаз бир дрон бош имаратка түшүп, бирок өрт тутанбаганын кошумчалады.

Украина заводдогу чабуулга байланыштуу комментарий бере элек.

"Фонтанка" басылмасы чукул кызматтарга шилтеме кылып Санкт-Петербургда абадан коргонуу күчтөрү бир учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди. Калкка эч кандай коркунуч жок экени айтылды. Басылма буга байланыштуу кененирээк маалымат берилбегенин белгилеген. Мунун алдында "Фонтанка" Санкт-Петербургдун Приморск районунда көмөкчордондогу авариядан улам электр энергиясы өчүрүлгөнүн жазган.

Дагы караңыз

Москвада Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленетАба ырайы: күн ачык болотБУУ: Газа тилкесинде 1,5 аптага жете турган тамак-аштын кору калдыКара-Сууда 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды