Аба ырайы: күн ачык болот

20-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Дагы караңыз

БУУ: Газа тилкесинде 1,5 аптага жете турган тамак-аштын кору калдыКара-Сууда 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алындыЧаткал: кар көчкүдө калган дагы үч кишинин сөөгү табылдыБишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды