Чаткал: кар көчкүдө калган дагы үч кишинин сөөгү табылды

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алдынды. 19-октябрь, 2024. Чаткал

Чаткалда кар көчкү алдында калган дагы үч адамдын сөөгү бүгүн, 19-октябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Эки күндөн бери изделип жаткан адамдардын сөөктөрүн куткаруучулар туугандарына өткөрүп берүүдө.


9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

18-октябрда издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген.


Дайынсыз болуп жаткан үч кишини издөө 19-октябрда дагы улантылып, Airbus H145 тик учагы Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кеткен. Кийинчерээк кошумча куткаруучулар тартылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кар көчкүдө калгандарды издөөгө кошумча куткаруучулар жөнөтүлдүЖурналисттер Украинадагы согушта өлгөн 74 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайын тактадыБишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды