Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:34

Журналисттер Украинадагы согушта өлгөн 74 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайын тактады


Журналисттер Орусия Украинага бастырып кирген 2,5 жылдан ашуун убактан бери каза болгон 74 014 орусиялык аскердин тек-жайын тактады. Жоготуулар тууралуу маалыматтарды "Медиазона" басылмасы, Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар чогултуп келет.

Журналисттер 2022-2023-жылдардын бир жумадагы орто көрсөткүчүнө караганда жоготуулардын саны соңку аптада өскөнүн белгилешүүдө. Бул орус күчтөрүнүн Украинанын Донецк облусуна жасаган чабуулдарынын натыйжасы болушу мүмкүн.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү ыктыярчылар – 14 929, бул Орусия тараптагы жалпы жоготуулардын 21% түзөт. Мындан сырткары өлгөндөрдүн 13 567си абактан тартылгандар экени такталган. 9340 киши мобилизация болгондор.

Иликтөөчүлөр Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маалымат каражаттарына чыккан кабарларга, маркумдардын жакындарына таянып, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт. Сурамжылоого катышкан аскер кызматкерлери журналисттер каза болгондордун 45 пайыздан 65% чейинин гана такташы мүмкүн экенин белгилешкен. Иликтөөчүлөрдүн эсебинде Орусиянын согуштагы жоготууларынын саны 113 900 дөн 164 500гө жетиши ыктымал.

  • Москва дагы, Киев дагы каршы тараптагы жоготуулар тууралуу гана айтып, Украинадагы согушта өздөрүнүн канча аскери каза болгону тууралуу маалымат беришпейт. Бул учурда жоготуулар тууралуу Би-Би-Си жана “Медиазонанын” изилдөөсү көз карандысыз маалыматтардын бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG