Кара-Сууда 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

Сүрөт Башкы прокуратурадан алынды. 19-октябрь, 2024-жыл.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 242 млн 50 миң сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, транспорт прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анда “Кыргыз темир жолу” ишканасынын түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелеринин тастыктоочу документтери жок, мамлекеттик менчикке алынбай келгендиги аныкталган.

Аталган ишкананын түштүк бөлүмүнүн жетекчилигине укуктук бузууларды жоюу актысынын негизинде, жер тилкеси мамлекетке өткөрүлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин буга чейинки маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (КЕ)

Дагы караңыз

Кар көчкүдө калгандарды издөөгө кошумча куткаруучулар жөнөтүлдүЖурналисттер Украинадагы согушта өлгөн 74 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайын тактадыБишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталдыТИМ Москвада "кыргызстандык кыз зордукталды" деген окуя тууралуу маалымат берди