Чаткалда көчкү алдында калган бир кишинин сөөгү табылды

ӨКМ тараткан сүрөт.Чаткал, Ак-Сай. 18-октябрь, 2024.

Чаткалда кар көчкү алдында калгандардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөк саат 12:45те кар көчкү түшкөн аймактан тик учак менен штаб жайгашкан Кумбел тилкесине алып келинди.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышта экени кабарланды.

13-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жааган. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган. ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен.

Дагы караңыз

Ош-Баткен жолунда автокырсыктан төрт адам каза таптыГаздаштырууга салынган инвестиция 32 млрд сомду түздүСузакта 40 жаштагы жаран балдызынын колунан каза тапты Тажикстанда оппозициялык топтун лидери 30 жылга кесилди