Беларуста оппозиция өкүлүнүн үйү сатыкка коюлду

Валерий Цепкало.

Беларуста бозгундагы оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук уланып жатканын 17-октябрда «Азаттыктын» беларус кызматы жазды. Борбор калаа Минскиде саясий ишмер Валерий Цепкалонун үйү аукционго коюлду.

Жалпы аянты 418,3 чарчы метрлик үйдү 2,1 миллион беларус рублине (641 500 доллар) сатыкка коюшту. Апрель айында анын батири да сатылган.

Бизнесмен, Беларустун АКШдагы мурдагы элчиси Цепкало 2020-жылы президенттик шайлоого катышууга аракет кылган, бирок талапкерлиги каттоого алынбай койгондон кийин камакка алынуу коркунучунан качып өлкөдөн чыгып кеткен.

Анын активдери өзү «улуттук коопсуздук эрежелерин бузган, терроризмди каржылаган» деген сыяктуу бир нече айып менен 17 жылга соттолгондон кийин камакка алынган.

Беларуста бийликти сындаганы үчүн куугунтукталып, «мамлекетке кас мамиледе» деп жарыяланган жарандардын мүлкүн тартып алууга 2023-жылы кабыл алынган мыйзам жол берет. Анда мүлктү мамлекетке чегерүү негиздери жазылган.

Өткөн аптада Belsat TV көз каранды эмес жаңылык агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Алексей Диковицкийдин үй-бүлөсүнө таандык үйү камакка алынган.

Аталган мыйзамдын негизинде авторитардык башкаруучу Александр Лукашенконун эркин ойлонгон жарандарга каршы репрессиясы уланып, куугунтукталып жаткан беларус оппозиционерлери арасында саясий туткун Виктор Бабарико жана бозгундагы беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская да бар. (RK)

Дагы караңыз

Орусияда кардардын айынан кыйноо көргөн Калыс Ош-Баткен жолунда автокырсыктан төрт адам каза таптыСузакта 40 жаштагы жаран балдызынын колунан каза тапты Газдаштырууга салынган инвестиция 32 млрд сомду түздү