Чаткалда көчкү алдында калгандарды издөөгө тик учак тартылды

ӨКМдин тик учаагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, тик учакты куткаруу иштерине тартууга министр Бообек Ажикеев буйрук берген. Тик учак бүгүн, 18-октябрда, саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.


16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышта экени кабарланды.

13-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жааган. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган. ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен.(DSh/ZKo)

Дагы караңыз

Израил Газада ХАМАС лидери Синвар жок кылынганын ырастады"Манас" эпосу - кыргыз элинин рухий феномени1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык КарачевЧүйдө кызылча көп, Кайыңды кант заводунда узун кезекКытайдын дрон ишканалары АКШ санкциясына илиндиМолдова Москвадагы добуш берүү боюнча тынчсыздануусун билдирди