Израил Газада ХАМАС лидери Синвар жок кылынганын ырастады

Яхья Синвар.

Израил ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) менен азыркы согушунун тутанышына түрткү болгон бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун уюштуруучусу деп эсептеген Яхья Синвар жок кыланганын израилдик армия (ЦАХАЛ) бүгүн 17-октябрда жарыялады.

Аскердик “операция” деп атаган бул аракети менен, ошентип, Израил үч айга жетпеген убакыт аралыгында Иран колдогон ХАМАС тобун экинчи жолу башчысыз калтырды.

ЦАХАЛдын Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Жок кылынды: Яхья Синвар» деген гана билдирүү чыкты, андан башка маалымат берилген жок.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац да Синвар өлтүрүлгөнүн тастыктап, муну «бүткүл эркин дүйнөнүн жеңиши» деп атады.

ХАМАС тобунан азырынча маалымат боло элек.

Синвар быйыл 6-августта ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Израил алардын бир катар жетекчилери жок кылынганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады.

Израил бир жылда Газада ХАМАСтын 4700 туннелин таап, ракета учуруучу 1000ге жакын аскердик куралын жок кылганын жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Кытайдын дрон ишканалары АКШ санкциясына илиндиМолдова Москвадагы добуш берүү боюнча тынчсыздануусун билдирдиЧаткал: Көчкүдө калган алты адам дайынсыз, үч киши ооруканага түштү Зеленскийдин "жеңиш планы": Үмүт жана күмөн саноо