Израил ХАМАСтын лидери өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты текшерип жатат

Яхья Синвар. 2022-жыл.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) жана Жалпы коопсуздук кызматы (ШАБАК) АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун жаңы лидери Яхья Синвар өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн тактап жатышканын бүгүн 17-октябрда билдиришти.

ЦАХАЛ маалымдагандай, Газа секторунда ХАМАСтын үч өкүлү жок кылынды, алардын бири Синвар болушу ыктымал.

ХАМАС тобунан азырынча маалымат боло элек.

Израил Синварды бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун уюштуруучуларынын бири деп атаган.

ХАМАС террордук тобунун буга чейинки саясий лидери Исмаил Хания быйыл 30-июлда Тегеранга Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына барганда жок кылынган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Израил алардын бир катар жетекчилери жок кылынганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады.

Израил бир жылда Газада ХАМАСтын 4700 туннелин таап, ракета учуруучу 1000ге жакын аскердик куралын жок кылганын жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Сот Аскат Жетигенди үч жылга кескен өкүмдү өзгөрткөн жок Чаткал: Алты адам дайынсыз, үч киши ооруканага түштүБишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин академиясы ачылды17-октябрь: Аскат Жетиген абакта калды, Израил Ливанда "Хезболлага" каршы чабуулун улантты