Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин академиясы ачылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Академиясы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Академиясы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл

17-октябрда Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) академиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиянын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчы дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал улуттук коопсуздук органдарынын милдеттерин жана тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканын белгиледи.

“Бул жерден жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болуп чыгышат”, - деди Садыр Жапаров.

УКМК Академиясынын окуу залы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл
УКМК Академиясынын окуу залы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл

Жапаров өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) окуу жайларында билим алып келишкенин белгилеп, мындан ары бул багыттагы адистер Анарбек Бакаев атындагы академиядан даярдаларын айтты.

Президенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, УКМКнын академиясы мындан сырткары, чалгындоо, контрчалгын жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтөт. Окуу жайда аскердик адистер кесиптик даярдоо программасы менен 5 жыл окушат, ал эми ыкчам курамдагы адистерге 1 жылдык кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстары уюштурулган.

Жапаров академиядагы окуу жана машыгуулар өтүүчү заманбап корупстарды, жатакананы көрүп чыкты.

УКМК Академиясынын жатаканасы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл
УКМК Академиясынын жатаканасы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл

УКМКнын академиясын түзүү тууралуу жарлыкка Жапаров быйыл 6-февралда кол койгон. Окуу жайдын имаратынын курулушуна 2022-жылы мартта капсула салынган.

1993-жылдын 19-апрелинде улуттук коопсуздук министри, генерал-лейтенант А.Бакаевдин буйругу менен атайын окуу түзүмү негизделген. Кийинчерээк жогорку курс, андан соң окуу борбору деп аталып келди. Өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG