"Аванград Стил" курулуш компаниясынын директору Темирлан Султанов Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерация билдирди.
Маалыматка караганда, 15-октябрда Оор атлетика федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, уюмдун жетекчилигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Темирлан Султанов президенттике шайланган. Андан сырткары Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев федерациянын ардактуу президенти, Бакытбек Ахметов улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп шайланган.
39 жаштагы Темирлан Султанов "Аванград Стил" курулуш компаниясынын директору жана ал мурдагы транспорт министри Калыкбек Султановдун баласы.
Оор атлетика федерациясынын буга чейинки президенти, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков уюмду дээрлик 15 жылга жакын башкаргандан кийин 18-сентябрда кызматтан кеткен.
Оор атлетика өлкөдөгү приоритет деп саналган алты спорттун бири. Кыргызстандык оор атлетчилер быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо ута алышкан жок. (GT)
Дагы караңыз
"Алдыда акыйкаттын соту бар". Аскат Жетигенге чыккан өкүм өзгөртүүсүз калдыАжиевдин апасы “Ынтымак Ордонун” дарбазасын машине менен сүзгөнү кабарландыЧаткал: кар көчкүдө калган алты адамдын тең сөөгү табылды