ИИМ: Сегиз айда жарандар 903 млн сомун шылуундарга алдырган

ИИМ тараткан видеодон скриншот.

Жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, банк эсебиндеги акчасын алып койгон учурлар көбөйдү. Мындай алдамчылар элдин 903 млн сом акчасын уурдаганга жетишкен. Бул тууралуу ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Нурбек Абдиев 17-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтуусунда бул сумманын ичинен 447 млн сому кайтарылып берилген.

Быйыл жыл башынан бери 10 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын ичинен 7705 иш ачылган. Министрдин орун басары телефон шылуундарынын арасында чет элдик жарандар да барын, айрымдарын аныктоо мүмкүн болбой жатканын айтты.

Нурбек Абдиев жарандарды телефон шылуундарынан коргоо үчүн ИИМ тарабынан атайын роликтер, маалыматтар жана билдирүүлөр даярдалып, таратылып жатканын кошумчалады.

Депутат Эмил Токтошев кийинки убактарда банктар да телефондогу тиркемелери аркылуу жарандардын акчасын алып коюп жатышканын айтып, онлайн насыя берүү жана башка акча аралашкан операцияларды тескөөнү талап кылды.

ИИМ министринин орун басары телефон шылуундарына каршы күрөшүүнү үйрөнүү үчүн атайын кызматкерлер Орусияда жана Беларуста окууда жүрүшкөнүн билдирди.


Жогорку Кеңеш 17-октябрдагы жалпы отурумунда телефон шылуундарына каршы жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Телефон аркылуу акчасын алдаткан жарандардан арыздар көбөйүп жатканын Улуттук банк да мурдараак билдирип, акыркы үч айда миңдей кайрылуу болгонун кабарлаган. Анын ичинде онлайн насыя боюнча арыздар көбөйгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Чаткалда куткаруучулар кар басып калган алты кишини издеп жататУкраина: Тыптыйпыл болгон Торецк, Курск кармашы жана "жеңиш планы" "Жүлүнү үзүлгөн балдар келет". Омуртка оорулары жашардыбы?Фейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыӨКМ Ысык-Көл облусунда жер титирегенин билдирди