Грузия шайлоо алдында жалган маалымат тарашы мүмкүн деп эскертти

Орусиянын үлгүсүндөгү "чет элдик агенттер" мыйзамына каршы акция. Тбилиси, 15-апрель 2024-жыл

Грузиянын коопсуздук органдарынын жетекчилери парламенттик шайлоо алдында башаламандык уюштуруу үчүн жалган видео жана аудио материалдар жайылтылышы мүмкүн экенин эскертти.

Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, кайсы бир саясий топтор грузин өкмөтүнүн өкүлдөрүнө таандык деп жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган фейк үн тасмаларды таратууга даярданып жатат.

26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Карама-каршылыктуу “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийинки саясий тирешти эске алганда бул өнөктүккө чоң маани берилүүдө.

Атайын кызматтын шаршемби күнкү эскертүүсүндө жалган маалымат таратуу “өкмөттүн бутактары ортосундагы пикир келишпестик жаратуу, православ чиркөөсү жана Батыш өнөктөштөр менен мамилелерге көлөкө түшүрүүнү максат кылары” айтылат.

Грузин бийлиги Украинада 2014-жылы болгон Евромайдан өңдүү “түстүү революцияга” түрткү берүү аракети көрүлүшү мүмкүн деген тынчсыздануусун көптөн бери айтып келет. Бирок анын конкреттүү далилдерин келтирген эмес.

Еврошаркет жана АКШ Москва менен жакындашып, демократиялык жараяндардан чегингендиги үчүн Тбилисини сындап жүрөт.

Алдыдагы шайлоодо алдынкы талапкер болгон бийликтеги “Грузин кыялы” партиясын орусиячыл оллигарх, мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвили түптөгөн. Партия Батыш уюмдарына кошулуу ниетинен баш тартпаганын айтууда.

Грузиянын жарандык коому өлкөнүн Орусиянын таасир чөйрөсүнөн чыгуусун жактайт.

Дагы караңыз

Украина: Тыптыйпыл болгон Торецк, Курск кармашы жана "Жеңиш планы" 1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык КарачевТайтөрө Батыркулов – эки элдин адабий данакери Жоогазын гүлү жок болуп кетүү коркунучундаЖазма маданият жана цензура: Молдо Кылыч: "Китептерим - өлбөй турган күмбөзүм"