Тажиктер жана кыргыздар – түбөлүк достукта жашаган тагдырлаш элдер. Бизди маданияттар менен каада-салттардын жакындыгы эле эмес, адабий бекем алака да байланыштырып турат.
Бахтияр Муртазоев котормочу, тажик тилин мыкты билген этнограф, Тажикстанды, тоолуу аймактын жаратылышын сүйгөн Тайтөрө Батыркулов менен кызматташ болуп жүргөнүн эскерди:
“Мен тажик тилин үйрөнүп, коңшу республиканын жазуучуларынын китептерин которууга бел байладым”, – деген эле Тажикстандын кыргыз досу, биздин жерибизден топурагын жазданган замандашым.
…Биз алгач ирет 1963-жылы кышында "Комсомоли Тожикистон" (азыркы “Жавонони Тожикистон” – “Тажикстан жаштары”) гезитинин редакциясында таанышкан элек. Мен анда Тажик мамлекеттик университетинин 5-курсунда окуп, ушул гезиттин адабий кызматкери болчумун.
Тайтөрө Батыркулов басмага өзүнүн макалаларын, эскиздерин, очерктерин, аңгемелерин алып келип турчу. Ал жай басып, шашпай эле жүргөндөй көрүнсө да, баарына үлгүрчү.
Экөөбүз бат эле дос болуп калдык. Анткени Тайтөрө Батыркулов кыргыз жана орус тилдеринде жазып, мен анын чыгармаларын тажикчеге которчумун. Кичи мекеним Кабодиён районундагы коӊурат жана дүрмөн уруулары жашаган айылдарда досторум көп болгондуктан, кыргыз тилине абдан окшош диалектисин бала чагымдан эле үйрөнүп алганмын. Ошентип, мен анын бир нече макаласын, биздин гезитке жарыяланган “Тажиктин аталасы” аңгемесин тажик тилине которгом.
Батыркулов өз кезегинде тажик авторлорунун чыгармаларын кыргыз тилине оодарган. Дайыма жолуккан сайын менден ар кайсы сөздөрдүн, сөз айкаштарынын маанисин сурап, жазып алчу.
- Үйдө атайын дептерим, дайыма толуктап турган сөздүгүм бар, – дечү эле досум. – Тажик тили абдан бай экен, мүмкүн болушунча жакшы билип алгым келет.
- Биздин тилди кантип үйрөнгөнсүз?
- О-о, бул узун сөз, – деп Батыркулов жооп берчү. - Мен Кыргызстанда, Талас облусундагы айылдарынын биринде төрөлгөм. Ата-бабаларым мал багып, дыйканчылык, аңчылык менен алектенишкен. Үй-бүлөбүз көп балалуу болуп, ата-энебиз он жети уул-кызды тарбиялап өстүрүшкөн.
Агам Орзумбек Сталинград салгылашуусунда курман болгон. 1942-жылдын аягында жыйырма жашымда мен да фронтко чакырылдым. Белоруссия, Украина, Молдованы бошотуу үчүн салгылашууларга катыштым.
1944-жылы 6-июнда Румыниянын Яссы шаарына жакын жерде оор жараат алып, дарылангандан кийин сол колумдан майып болуп үйүмө кайтып келдим. Бул кандуу согушта аман калганым үчүн кудайга шүгүр дейм.
Кийин Т. Батыркулов эки жылдык юридикалык факультетти бүтүрүп, бир канча убакыт юрист болуп иштейт. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырат. Андан соӊ тажик адабиятына жана тилине абдан кызыгып калат.
- Тажикстандын эли-жерин көрүп, каада-салты, маданияты менен таанышкым келди. Тажик тилин үйрөнүп, республиканын жазуучуларынын китептерин которууну чечтим. 1957-жылы август айында Дүйшөмбүгө бардым. Колумдагы кичинекей фанера чемоданыма жупуну буюмдарым менен бир нече китеп-дептер салып алгам. Эртеси Жазуучулар союзуна барып, Мирзо Турсун-заденин өзү менен жолугайын дедим. Бирок ал өргүүдө, “Хожа Обигарм” курортунда эс алып жүргөн экен. Мен да ошол жакка жөнөдүм. Учурашып, максатымды айттым.
Жанындагы кишилердин айрымдары мага ишенбегендей карап турушту. Бирок Мирзо Турсун-заде менин сөзүмдү кунт коюп угуп, тоолуу айылга барыӊыз, ал жерде биздин тил мөлтүр булактай таза сакталган деди. Мен устаттын кеңеши менен Гармдагы айылдардын бирине мугалим болуп бардым. Орус тилинен сабак берип жүрүп, тажик тилин үйрөндүм…
Бир нече жылдан кийин Батыркулов Дүйшөмбүгө кайтып келип, ар кайсы басылмалар жана радио редакциялары менен кызматташа баштады. 1960-жылы тажик прозаиги Пулат Толистин “Жоогазын” аңгемеси Кыргызстандагы “Ала-Тоо” журналында жарык көрдү. Аны Т. Батыркулов которгон эле.
- Бул биздин эки элдин ортосундагы адабий байланыштарды чыӊдоо багытындагы биринчи эмгегим болду, – дейт ал. – Мирзо Турсун-заде алгачкы ийгиликтеримди колдоп, мага ар дайым кам көрүп турду.
1962-жылы Фрунзеде Тажик адабиятынын жана искусствосунун күндөрү болду. Аны утурлай басма сөздө тажик жазуучуларынын Т. Батыркулов которгон чыгармалары жарыяланды. Ошондо маданий делегацияны жетектеген Мирзо Турсун-заде: “Эми сиз эки элдин чыныгы адабий өкүлү болуп калдыңыз”, – деди.
Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестин Фазлиддин Мухаммадиев тажик тилине которгонун билгенде, Т. Батыркулов экөөбүз да кыргыздын улуу жазуучусунун “Саманчынын жолу” повестин которууга кызыгып калдык. Ал кезде "Комсомоли Тожикистон" гезитинин редактору атактуу публицист Мутеулло Нажмиддинов болгон. Биздин котормону окуп көрүп, сандан санга толугу менен жарыялоону чечти. Кийинчерээк бул аңгеме Чыңгыз Айтматовдун башка чыгармалары менен бирге “Ирфон” басмасынан өзүнчө жыйнак болуп жарык көрдү.
Тайтөрө Батыркулов өзү да абдан кызыктуу баяндарды, аңгемелерди жазды. Анын китептери Кыргызстанда жана Тажикстанда жарык көргөн (“Адиб” басма үйү жазуучунун тандалган аңгемелерин чыгарууну көздөп жатат). Т. Батыркулов которгон Хаким Каримдин, Абдумалик Бахоринин аңгемелери, Пулат Толистин “Саратан” повести, Жалол Икроминин “Мен күнөөлүмүн” аңгемеси Тажикстанда кыргыз тилинде жарык көргөн.
Батыркулов көп жылдар бою дүйнөлүк “Вокруг света” илимий-таанымал журналынын дайымкы автору болгон, анда көптөгөн макалалары жана аңгемелери жарыяланган. Ал Тажикстанда жашаган кыргыздардын оозеки элдик чыгармачылыгын чогултуу жагынан да көп эмгектенди.
Т. Батыркулов тажик жерин мекендеп, биздин тоолуу аймактын жаратылышын жан дили менен жакшы көргөн. Жыл сайын күзүндө Бишкекке кетип, жазында Дүйшөмбүгө кайтып келчү.
- Мен тажик тоолорун жана талааларын сагындым, – дечү ал кайрадан Гиссар, Рамит же Рашт тарапка жөнөгөндө.
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун жарлыгы менен котормочу, жазуучу жана этнограф Т. Батыркулов эки элдин адабий байланыштарын чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйланган.
2013-жылы жазында Тайтөрө Батыркулов 92 жашында Дүйшөмбү шаарында каза болду. Бирок мен эки элдин адабий өкүлү жөн эле тааныш жолдор менен тоо аралап кетти го, бир күнү редакцияга жаңы аңгемелерин, очерктерин бериш үчүн кайра келип калат го деп элестетем.
Орус тилине которгон Мансур Суруш.
Орус тилинен кыргызчага которгон Жолдош Турдубаев
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.