Британия БУУну Газадагы гуманитардык кырдаалды талкуулоого чакырды

Хан-Юнистеги качкындар лагери. Газа. 2024-жыл, 15-октябрь

Британия жана Франция Газадагы гуманитардык кырдаалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды. Британ өкмөт башчысы Кир Стармердин айтымында, Лондон израилдик эки министрге – соода жана улуттук коопсуздук мекемелеринин жетекчилерине санкция салууну караштырууда.

Ушул айдын башында "Рейтер" агенттиги палестин анклавына тамак-аш жеткирүү кескин азайганын кабарлаган. Анын алдында Израил бийлиги жаңы бажы эрежелерин киргизген.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмминин билдирүүсүндө Израил карапайым газалыктарды коргоого, эң керектүү гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыздоого тийиш экени, БУУнун жыйынында ошол маселелер козголору айтылат. Министр Алжир чукул жыйын өткөрүү чакырыгына кошулганын билдирди.

Мунун алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге Газага гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү керек деп эскертүү берилгенин тастыктаган.

Маалымат каражаттары жазгандай, Вашингтон Тел-Авивге 30 күн берерин, бул мөөнөттө Газага жеткен гуманитардык жардам кеңейтилбесе, Израилге берилген аскердик жардамдын бир бөлүгү токтотуларын эскертти.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер ал кайрылуу дипломатиялык кат катары каралып жатканын, бирок маалымат ачыкка чыгып кеткенден кийин аны бышыктаарын айтты. Миллер тилкеге келген гуманитардык жардамдын көлөмү “өтө аз болуп жатканын” белгиледи.

14-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Жойс Мсуйя "Газанын түндүгүндөгү азыр түзүлүп жаткан абал үрөй учурат, муну сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес", - деп X социалдык түйүнүнө жазды.

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстанга үмүт берген үч упай1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык КарачевУкраина: Тыптыйпыл болгон Торецк, Курск кармашы жана "Жеңиш планы" Тайтөрө Батыркулов – эки элдин адабий данакери