Кыргыз-казак чек арасында топтолгон жүк ташуучу унаалардын маселеси парламентте көтөрүлдү

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалар. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламенттин 16-октябрдагы отурумунда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташыган унаалардын узун кезеги кайрадан көйгөй жаратып жатканы тууралуу маселени айтып чыкты. Депутат азыркы учурда жүк ташуучу унаалар менен Казакстан, андан ары Орусияга мөмө-жемиш ташылып жатканын белгилеп, унаалардын узак кармалуусунан ишкерлер зыян тартып каларын айтты:

"Мөмө-жемиштер тез бузулат, билесиздер. Аларды ташыган жүк ташуучу унаалар чек арада 2-3 күндөп турушат. Бул аралыкта мөмө-жемиштер бузулуп, ишкерлер чыгым тартышат. Тышкы иштер министрлиги кандай жардам бере алат жарандарыбызга?"

Депутат Кыргызстан мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптары, келишимдер айрым өлкөлөр тарабынан аткарылбай жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев уюмдун алкагында келишимдерге дал келбеген маселелер бар экендигин билдирди. Анын сөзүнө караганда, жүк ташуучу унааларды тез өткөрүү боюнча Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөн, өткөрүү бекеттерин көбөйтүү каралган.

Кыргызстандан Казакстанга багыт алган жүк ташуучу автоунаалар чек арадагы өткөрмө бекеттерде топтолуп, бир нече күндөп кезек күткөн учурлары бир топ жылдардан бери катталып келет. Эки өлкө бири-бирин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын так аткарбайт деп айыпташкан.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүү эркиндиги экенин жарыялаган.(ZKo)

Дагы караңыз

1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык КарачевТайтөрө Батыркулов – эки элдин адабий данакери Жоогазын гүлү жок болуп кетүү коркунучундаЖазма маданият жана цензура: Молдо Кылыч: "Китептерим - өлбөй турган күмбөзүм"Ата-бала, ага-ини. Шайлоого аттанган туугандар