"Талибан" Өзбекстандан Термез соода борборунда концерт өткөрбөөнү өтүндү

"Термез" эл аралык соода борборун ачуу аземи. Өзбекстан. 2024-жыл, 29-август

Ооганстанды башкарган "Талибан" радикал кыймылы өзбек бийлигинен чек арадагы Термез шаарынын соода борборунда концерт жана музыкалык иш-чараларды өткөрбөөнү өтүндү. Бул тууралуу оогандык Atlaspress басылмасы өз булактарына шилтеме кылып билдирди. Маалыматка караганда, талибдер концерттерди өткөрүү маданий жана диний нормаларга каршы келет деп эсептешет.

Соода түйүнүндө өзбек артисттеринин катышуусунда концерттер уюштурулуп келет.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги “Талибандан” эч кандай кат албаганын билдирди.

"Термез" эл аралык соода борбору августта ачылган. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен ага “эркин экономикалык аймак” деген макам берилген.

Эки тараптын макулдашуусунда Ооганстандын жарандары борбордо визасыз 15 күн кала алат, соода кылып, мекенине кайтат деп каралган.

Радикал кыймыл диний эмес музыканы "кудайга жакпаган, адеп-ахлакка каршы келген жорук" деп эсептейт.

2021-жылы бийликке кайтып келген талибдер музыкалык аспаптарды конфискациялап, музыканттар куугунтукка кабылып, атүгүл өлүм жазасына тартылган учурлар болгон. Өнөр адамдарынын көбү чет жактарга чыгып кеткен.

Талибдер 2021-жылы август айында Кабулда бийликти кайрадан басып алгандан бери өлкөдө адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндердин эркиндиги одоно бузулганын эл аралык уюмдар белгилеп келишет.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Бирок Ташкент Борбор Азияда биринчи болуп “Талибандын” элчисин кабыл алды.

Дагы караңыз

Төө-Ашууда автоунааларга чектөө алындыКазакстанда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин жергиликтүү жетекчилер иштен алындыИзраил шаршембиде эртең менен Бейруттун жака белине сокку урдуСалык кызматы: Банктардын биринде айына 80 млрд сомдун жүгүртүлүүсү текшерилип жатат