Салык кызматы: Банктардын биринде айына 80 млрд сомдун жүгүртүлүүсү текшерилип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы Кыргызстандагы банктардын биринде өзгөчө ири суммадагы акча жүгүртүү аныкталганын билдирүүдө. Мындай көрүнүштү салык органдары Салык кодексине киргизилген атайын жобону, тагыраагы, банктардагы эсептерди көрүү мүмкүнчүлүгү аркылуу ачыктаган.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бир айда 80 млрд сомду жүгүрткөн банктын күмөндүү операцияларынын чоо-жайы иликтенүүдө.

“Биз соңку бир айда ошол жобо менен иштеп жатабыз. Биз Кыргызстандагы бир банк айына орточо 80 млрд сомду тегеретип жатканын көрдүк. Негизи, салык системасында бир айда 80 млрдга соода жасайт деген тажрыйба жок. Ошондуктан биз ошол транзакцияларды көргөнгө аракет жасап жатабыз. Бир айдын ичинде алгачкы жыйынтыктары чыга баштайт. Бир банктын эле мисалында 80 млрддан ашык акча жүгүртүлүп жатыптыр. Казакстанда да ушундай окуялар чыгып жатат, Салык кызматына бир жүгүртүүсүн көргөзүп жаткан болсо, иш жүзүндө жүгүртүүлөрү он эселеп чоң экен. Менимче, бизде дагы ошондойлор чыгат”, - деди Абдувапов.

2022-жылы ишке кирген жаңы Салык кодексинин 146-беренесинде салык органдарынын ишкерлердин банктагы эсептери тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Банктар жана бизнес-ассоциациялар бул норманын банктык купуялуулукка шек келтирерин айтып, каршы чыгышкан.

2022-жылдан тарта Кыргызстан аркылуу өткөн товарлардын Орусияга реэкспорту өтө көбөйгөн. Кыргыз банктары аркылуу акча которуулар да кескин көбөйгөндүктөн, корреспонденттик эсептерди тейлеген эл аралык банктар акча жүгүртүүлөрдү көзөмөлдөө талаптарын коюп келишет. Өнүккөн өлкөлөрдүн кыйыр санкция тууралуу эскертүүлөрүнөн чочулаган айрым кыргыз банктары атайын кайрылуулар менен чыгып, алар санкция салгандар менен кардарларынын ортосунда калганын билдиришкен.

Быйыл сентябрдан тарта Түштүк Кореянын Kookmin банкы күмөндүү акча которуулар көбөйгөндүктөн, кыргыз банктарынын корреспонденттик эсептери тейленбей, доллардык которуулар токтотуларын жар салган.(KbA/ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз өкмөтү кийинки жылы бирдиктүү салык декларациясын жоюуну көздөп жататЖКда Орусияда кысымга кабылган мигранттардын көйгөйү айтылдыУкраина: Киев чабуулга кабылды, 14 облуска дрондордон сокку урулдуБыйыл 9 айда селден 22 адам каза болдуТурмуш-тиричилик жана электрондук товарларга маркалоо кирет