Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Быйыл 9 айда селден 22 адам каза болду


Ноокат району. 29-июнь, 2024-жыл
Ноокат району. 29-июнь, 2024-жыл

Кыргызстанда быйыл 9 айда селден 22 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) январь-сентябрь айларында аткарган иши талкууланган жыйында айтылды.

Мекеменин маалыматына ылайык, сел 5354 турак жайды каптап, 102 үй авариялык абалга келген. 135 автоунаа зыянга учурап, 138 үйдү капиталдык оңдоого туура келген.

Быйыл апрелден июлга чейинки убакта эле селден 17 адам набыт болгон, алардын он чактысы жашы жете элек балдар. Ушул жылдын баштапкы жети айында селден мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген.

28-июнда Ноокатта жүргөн селден 10 адам каза болгон. 30-июнда Кара-Кулжада 4 адам селге агып каза тапкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG