Быйыл 9 айда селден 22 адам каза болду

Ноокат району. 29-июнь, 2024-жыл

Кыргызстанда быйыл 9 айда селден 22 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) январь-сентябрь айларында аткарган иши талкууланган жыйында айтылды.

Мекеменин маалыматына ылайык, сел 5354 турак жайды каптап, 102 үй авариялык абалга келген. 135 автоунаа зыянга учурап, 138 үйдү капиталдык оңдоого туура келген.

Быйыл апрелден июлга чейинки убакта эле селден 17 адам набыт болгон, алардын он чактысы жашы жете элек балдар. Ушул жылдын баштапкы жети айында селден мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген.

28-июнда Ноокатта жүргөн селден 10 адам каза болгон. 30-июнда Кара-Кулжада 4 адам селге агып каза тапкан. (BTo)

Дагы караңыз

Турмуш-тиричилик жана электрондук товарларга маркалоо киретАкылбек Жапаров ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25% жеткенин айттыОрусия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын кыскарттыМасалиев бир мектеп үчүн бир нече мыйзамды өзгөртүүнү сындады"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Тегеранда кармалдыТүштүк Кореяга иштөөгө 39 кыргызстандык жаран кеттиТөө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калды