Садыр Жапаров бийлик шайлоого кийлигишпей турганын айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, бийлик шайлоого кийлигишпей турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин 16-октябрда жасаган кайрылуусунда айтылат.

Мамлекет башчы 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына, андан киийн аз убакыт өтпөй эле президенттик шайлоо өтөрүн белгилеп, элди жергиликтүү кеңештердин да, кийинки шайлоолорго да жигердүү катышууга чакырды.

“Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат”, - деди президент.

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет.

2024-жылдын 5-сентябрына карата шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт. Үгүт өнөктүгү 17-октябрда башталат. Шайлоого 39 партия катышууда. (BTo)

Дагы караңыз

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча иш сотко өттүӨтмөк ашуусунда бардык автоунааларга чектөө коюлдуПрезидент Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын айттыТөө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калдыФутбол: Кыргызстан Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде уттуКыргызстанга кайткан мигранттардын саны 85% көбөйдү