Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:25

Президент Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын айтты


Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. 8-октябрь. 2024
Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. 8-октябрь. 2024

Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келатканын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 16-октябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген чакан маегинде айтты.

Президент жакында эле Европа Биримдиги менен кызматташуу жөнүндө документке кол коюлганын, Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттер менен да тыгыз кызматташып жатканын кошумчалады. Садыр Жапаров бул тууралуу Ашхабад шаарындагы эл аралык форумда “Россия-1” телеканалынын журналистинин тышкы саясат боюнча суроосуна берген жообу боюнча комментарийинде айтты.

“Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Орусияны жектеп келишет. Албетте, Орусия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: “Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 млрд долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз” деп ачык эле айтып жатам”, – деди ал.

8-октябрда Садыр Жапаров “Россия-1” телеканалынын журналистинин Орусия менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн алакасына Батыштын көз карашы жөнүндөгү суроосуна жооп берген. Анда ал Батыш өлкөлөрү Орусия менен башка мамлекеттердин кызматташуусуна “көрсөтмө бербеши керек” деп айткан.

Садыр Жапаровдун кыскача комментарийи “Москва. Кремль. Путин” көрсөтүүсүндө 13-октябрда обого чыккан. Берүүдө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин белгилеп, бул боюнча Батыш өлкөлөрүнө кулак кагыш кылынганын айткан комментарийи да келтирилген.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG