Өтмөк ашуусунда бардык автоунааларга чектөө коюлду

Өтмөк ашуусу.

Өтмөк ашуусунда бардык автоунааларга чектөө коюлду.

Бул тууралуу 16-октябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашууга кар жаап, тыгын пайда болгонуна байланыштуу Талас районунун Талды-Булак айылынын чыгыш тарабына пост коюлуп убактылуу чектөө киргизилди. Мекеме айдоочуларга зарыл иш болбосо, жолго чыкпай турууну эскертти.

Чектөөнүн мөөнөтү канчага созулары азырынча белгисиз.

Бишкек – Ош автожолунун 129-132-чакырымдарында - Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны жаралды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, ашууда 1000ге жакын машине токтоп турат. Министрлик оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан жол тыгыны пайда болгонун билдирди.

ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырып, втоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, тамак-аш жана дары-дармек алууну сунуштады. (MKt)

Дагы караңыз

Президент Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын айттыТөө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калдыФутбол: Кыргызстан Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утту