Казакстанда башпаанек ала албаган каракалпак активисттери АКШга учуп кетти

Каракалпак активисти Тлеубике Юлдашева. Казакстан. Архив

Каракалпакстандык активисттер Жангелди Жаксымбетов, Тлеубике Юлдашева жана Раиса Худайбергенова шейшембиде Казакстандан АКШга бет алды. Укук коргоочу Лейла Назгуль Сейитбек «Азаттыктын» казак кызматына билдиргендей, алар Кошмо Штаттарга саясий башпаанек сураган адамдар катары жөнөдү.

Түркмөнстандын Хелсинки фондунун сайтында АКШ үчөөнө башкалка бергенин жазды.

Этностук каракалпактар бир жыл бою Казакстанда экстрадициялык камакта болуп келди. Жаксымбетов, Юлдашева жана Худайбергенова 2022-жылы Ташкенттин өтүнүчү менен кармалган. 12 айдан кийин алар бошотулуп, бирок Өзбекстанга өткөрүлгөн эмес. Ошол эле маалда Астана башпаанек берүү өтүнүчүн четке каккан.

Өзбек бийлиги аларды «конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирген» деп айыптап жатат. Активисттер аларды Каракалпакстандагы нааразылык акцияларын колдогону үчүн куугунтукташууда деп эсептешет.

Андан тышкары Казакстанда кармалып келген каракалпак активисти Кошкарбай Төрөмуратов учурда Польша бийлигинин башпаанек алуу чечимин күтүп жатат. Ал эми Зиуар Мирманбетова үй-бүлөсүнүн документтери даяр болбогондуктан Казакстанда калган.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында (КАО) нааразылык тутанган. Ал жылы 1-2-июлда автономиянын борбору Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Ошондон кийин президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүлбөй турганын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Репрессивдүү чараларга Казакстандагы каракалпактар да туш болгон.

Дагы караңыз

Улуттар Уюму: Газада коопсуз жер дээрлик калган жокЧоң-Каракол: Талкаланган мөңгү, мыйзамсыз жол, көмүр кени15-октябрь: Британ тышкы иштер министри 11 журналисттин иши боюнча маселе көтөрдүБатыш Молдовага маанилүү шайлоо алдында колдоо көргөзүүдө