Депутат жалган жалаа үчүн айып салуу Конституцияга туура келбесин эскертти

Алишер Эрбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясындагы адам укуктары беренелерине каршы келерин билдирди. Бул тууралуу ал 15-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты:

“Биз Баш мыйзамды карашыбыз керек. Анда жазылган адам укуктарын карашыбыз керек. Бул жерде ар бир жаран өз оюн ачык айтууга укуктуу. Сиз айтып жаткан - бул жеке тараптар. Билип-билбей туруп доо кетирип коёт. Жалаа жабууну кантип далилдейсиздер? Ким далилдейт?".

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Конституцияда адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис деп жазылганын белгилеп, адам укугунун чеги башка бирөөнүн укугу башталган жерден токтойт деп айтты.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан адамдарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берген. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор 27-августта коомдук талкууга коюлган. Сентябрь айынан тарта Жогорку Кеңештин комитеттери карап жатат.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, аны аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлөт жана кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону министрлик чечет. Эксперттер айып пул салууну министрлик эмес, сот чечүүгө тийиштигин айтып, сындап келишет.

Акыйкатчы да мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда так ушундай пикирин билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Сот Алматы акимчилигине кол салуу үчүн айыпталган тогуз кишинин өкүмүн өзгөрттүТагаев Маданият министрлиги фейк аккаунттарды аныктай албай турганын айттыЖалал-Абад: Пахта аз, баа арзан"Азаматты чоң энеси, Махабатты баласы күтүп жатат". Журналисттерди колдоо акциясыӨзбекстандан шыпаа издеген тажик бейтаптары