Израил Ливандын чыгышына сокку урду

Ливандын Дейр Канун айылы Израил аскерлеринин соккусунан кийин. 14-октябрь 2024-жыл.

Израилдин армиясы 15-октябрда Ливандын чыгышына сокку урду. Рейтер агенттиги медициналык кызматкерлерге таянып кабарлагандай, алдыңкы күнү кеминде 21 киши каза тапты.

Өткөн жекшембиде Иран колдогон “Хезболла” тобунун дрон чабуулунан израилдик төрт аскер окко учуп, 60 чактысы жарадар болгондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согушкерлерге каршы күрөштү уланта турганын билдирди.

АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныган, ал эми Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливан парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ливандын расмий Улуттук кабар агенттигинин маалыматында, шейшембиде Бекаа өрөөнүнүн чыгыш тарабына абадан сокку урулганда Баалбек шаарындагы оорукананын иши үзгүлтүккө учурады.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин регионалдык директору Николас вон Аркс Тез жардам машиналарын, ооруканаларды, медициналык кызматкерлерди коргоого чакырды жана аларга коюлган чабуулдар “терең тынчсыздандыра” турганын билдирди.

Ливандын түштүгүндө Бириккен Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн позициялары аткылоого кабылганына байланыштуу 14-октябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчсыздануусун билдирди.

Ал арада Израилдин аскерлери өлкөнүн борбордук бөлүгүндө Ливандан атылган үч дүрмөт атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынганы кабарланууда.

30-сентябрда Израил Ливанга аскерлерин киргизип, “Хезболлага” каршы чектелген операция жүргүзгөнүн жарыялаган.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

Дагы караңыз

Өзбекстандан шыпаа издеген тажик бейтаптарыЖурналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталды"Базарда эсеп-фактурасы берилбейт". Ишкерлерди коркуткан салыкТайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынды