Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынды

Кудрет Тайчабаров.

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кудрет Тайчабаров 10-октябрда кызматтан кеткени белгилүү болду. Ал бул орунга ушул жылдын март айында дайындалган. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон. Кызматтан былтыр жыл башында кеткен.

Анын ордуна Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы болуп Кылычбек Рысалиев келди. Ал 2022-жылдан бери ушул эле фонддун долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси, эки ай фонддун президентинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Министрлер кабинети Кудрет Тайчабаровго 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир тууган карындашы Адинай Марипованы ачык сүрөгөн деген негиз менен сөгүш берген.

Туризмди өнүктүрүү фонду 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Журналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталдыОрусияда баңгизаттан каза болгон 10 адам боюнча кыргыз жаранына айып тагылдыАрстанбапта болгон сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду14-октябрь: Кумтөрдөн 8 тоннага чукул алтын казылды, Казакстанда чыр чыккан жерге аскер киргизилдиСот Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды“Асмандын” курулушунда экологиялык коопсуздук сакталары айтылдыӨзбекстанда умра сапарын уюштуруу эрежеси катаалдашты