Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

14-октябрь: Кумтөрдөн 8 тоннага чукул алтын казылды, Казакстанда чыр чыккан жерге аскер киргизилди


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

14-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Медиа платформа журналисттерге чыгарылган өкүмдү сындады

"Кыргызстандын медиа платформасы" уюму төрт журналисттин сот жообуна тартылышын көз карандысыз журналисттерге куугунтук деп баалады. Уюм апелляциялык арыз берилгенден кийин Бишкек шаардык соту аларды акташы керектигин, бул иште адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү Кыргызстан адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин тастыктаган маанилүү кадам болорун белгиледи. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берген. Калган жети журналист акталган.

Сегиз айда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

Кыргызстанда ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган). Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 9425 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 8976сы аялдарга, 449у эркектерге берилген. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси – “Үй-бүлөлүк зомбулук” менен 2611 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Түзүлгөн протоколдор боюнча 933 адам коомдук ишке тартылса, 1285 киши камакка алынган.

Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылды

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2024-жылдын тогуз айында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылганын, бул белгиленген пландан 81 килограммга көп экенин билдирди. Январь-сентябрь айларында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кирешеси 579,8 миллион долларды түздү. Таза пайда 216,6 миллион долларга жетти. Ишкана салык жана башка төлөмдөр түрүндө бюджетке 10 миллиард 37 миллион сом төктү. Бул тууралуу компаниянын тогуз айдагы өндүрүштүк ишмердигинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат. Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылы апрелде аны толук өткөрүп алган.

Акаевдин мурдагы күйөө баласын жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов тунгуч президент Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келип, жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Адил Тойгонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды топтоп, кагаз жүзүндө жооп берерин билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылы Адил Тойгонбаевди Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кескен. Ага эл аралык “Манас” аэропортуна 677 млн 291 миң сомдон ашуун сумма төлөп берсин деген чечим чыккан. Казакстандын жараны, 58 жаштагы Адил Тойгонбаев - мурдагы президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү.

Израилде "Хезболланын" соккусунан төрт жоокер окко учту, 60тан көбү жараат алды

Кабарда айтылгандай, Хайфанын жанындагы Биньямина-Гиват-Ада деген жерде пилотсуз учак кечки тамактануу маалында ашкананын шыбына тийген. Абадан коргонуу сиреналары эмне себептен иштебегени териштирилүүдө. ЦАХАЛ кеминде үч дрон учурулганын, экөө атып түшүрүлгөнүн билдирди. Армия өкүлдөрү жети жоокер оор жараат алганын кошумчалады. “Хезболланын” мүчөлөрүнүн бири “Аль-Жазира” телеканалына бул чабуулга топтун тиешеси бар экенин айткан. “Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. 30-сентябрда Израил Ливанга аскерлерин киргизип, “Хезболлага” каршы чектелген операция жүргүзгөнүн жарыялаган.

Евробиримдик Ирандын жети компаниясына жана жети аткаминерине санкция салды

Бул чара Орусияны Украинага сокку урууда колдонулган дрондор, ракеталар жана аскердик технологиялар менен камсыздагандыгы үчүн көрүлүүдө. Маалымат Еврокеңештин сайтында жарык көрдү. Чектөөгө Saha Airlines, Mahan Air жана Iran Air, эки сатып алуучу компания жана суюк отун чыгарган эки фирма кабылды. "Кара тизмеге" Ирандын коргоо министринин орун басары Сайед Хамза Галандари, Тегерандын Орусиядагы аскердик атташеси Реза Хосрави Могадам, аэро-космос тармагындагы эки компаниянын жетекчилери жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бир нече аткаминери камтылды. Алсак, Iran Air компаниясы учурда Европанын бир катар шаарларына, арасында Франкфурт, Гамбург, Келн, Париж жана Миланга учат.

Казакстанда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Талгар районунун борборуна Улуттук гвардиянын аскерлери киргизилди

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, алар «коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо менен алектенет». kris_p_talgar Телеграм каналы кайгуул машиналардын видеолорун жайгаштырды. «Азаттыктын» казак редакциясы жазгандай, ага чейин 50 миң калктуу шаарчада митинг уюштурулганы жатат деген имиштер тараган. Мунун алдында 16 жаштагы жергиликтүү өспүрүм Шерзат Болатты өлтүрүп кетип, үйүнө өрт коюлган. Маалыматка караганда, 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсү иштеткен чакан дүкөндө чыр чыккан. Кардарлардын бири сыра үчүн акча төлөбөйм деп уруша кеткенде өспүрүм жана агасы сатуучуга болушкан. Кардар досторун чакырып, алар Шерзат менен агасын сабашкан. Маркумга болжол менен бычак сайылган. Ал ооруканада каза болгон. Бийлик жети киши кармалганын билдирди, бирок ысымын атаган жок.

Исламабадда ШКУнун саммити учурунда үч күн дем алыш болот

Пакистандын башкалаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мектептер, ишканалар жабык, көчөлөрдү полиция жана жарым-жартылай аскердик бөлүктөр кайтарууда. ШКУга кирген өклөлөрдүн өкмөт башчыларынын бийик жолугушуусу менен катар Кытайдын премьер-министри Ли Цян төрт күндүк сапар менен Пакистанда болмокчу. Пакистандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, расмий кездешүүлөр өтө турган башкалаанын “Кызыл тилкесиндеги” коопсуздукту камсыздоо куралдуу күчтөргө жүктөлөт. Ал райондо парламент жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр орун алган.

"Эмне үчүн айрым өлкөлөр бай, башкалары кедей" китебинин авторлору Нобел сыйлыгын алды

Экономика боюнча Алфред Нобел атындагы быйылкы сыйлык "Эмне үчүн айрым өлкөлөр бай, башкалары кедей" деген китептин авторлоруна ыйгарылды. Бестселлерди америкалык университеттерде эмгектенген экономисттер Дарон Ажемоглу жана Жеймс Робинсон жазган. Аларга изилдөөчү Саймон Жонсон көмөктөшкөн. Сыйлык авторлорго "институттардын түптөлүү процесстерин жана алардын экономикалык байгерликке тийгизген таасирин изилдегени" үчүн берилмекчи. Ажемоглу менен Робинсон - институционалдык экономиканын негизги изилдөөчүлөрү.

Робинсон: Өнүгүү ачкычы өз колуңарда
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:31 0:00

XS
SM
MD
LG