Журналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталды

Азамат Ишенбеков жана Жанайым Зарылбекова.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы сот жообуна тартылган журналисттерди колдоо максатында “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафонун баштады. 15-октябрдан баштап бир жума редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, “Айт Айт Десе” жана “Алга Медиа” сыяктуу медиалардын негизги журналисттик иликтөөлөрүн эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт.

“Бул флешмоб журналисттерге каршы жасалган системалуу репрессияларга биздин жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракет жарандарга журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин эске саларынан үмүт кылышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болчу. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева соттун чечиминен кийин бошотулду. Калган жетөө ага чейин эле ар кандай жагдайда эркиндикке чыккан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда баңгизаттан каза болгон 10 адам боюнча кыргыз жаранына айып тагылдыАрстанбапта болгон сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду14-октябрь: Кумтөрдөн 8 тоннага чукул алтын казылды, Казакстанда чыр чыккан жерге аскер киргизилдиСот Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды“Асмандын” курулушунда экологиялык коопсуздук сакталары айтылдыӨзбекстанда умра сапарын уюштуруу эрежеси катаалдашты