Орусияда баңгизаттан каза болгон 10 адам боюнча кыргыз жаранына айып тагылды

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын 20 жаштагы жаранына Орусияда баңгизат сатып анын кесепетинен 10 адамдын өмүрү кыйылган деген айып тагылып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Астрахан шаарынын Совет району боюнча тергөө бөлүмү билдирди.

Кыргыз жаранына бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топ тарабынан баңги каражатын мыйзамсыз сатуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренеси менен кине коюлган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү маңзатты кийин кайра сатуу максатында Интернеттен сатып алганы айтылууда. Ал Астрахандын тургундарына баңгизатын сатып, аны көчөгө жашырып кеткени, бирок маңзатты алмаштырып күчтүүрөөк таасир бергенин коюп алганы кабарланууда.

2024-жылдын 8-майынан 11-майына чейинки аралыкта Астрахан шаарында ар кайсы жерлерден, анын ичинде автоунаадан дарыга ууланып каза болгон 18 жаштан 40 жашка чейинки 10 кишинин сөөгү табылган. Арасында аялдар да бар.

“Тергөө жетиштүү далилдерди топтоп, айыптоо корутундусу менен кылмыш иши сотко жиберилген”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандыктын аты-жөнү ачык айтылган жок.

Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда (1000ден ашык). Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизатка байланыштуу айыпталгандар. Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө мыйзамсыз маңзат ташууга байланыштуу 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (BTo)

Дагы караңыз

Арстанбапта болгон сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду14-октябрь: Кумтөрдөн 8 тоннага чукул алтын казылды, Казакстанда чыр чыккан жерге аскер киргизилдиСот Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды“Асмандын” курулушунда экологиялык коопсуздук сакталары айтылдыӨзбекстанда умра сапарын уюштуруу эрежеси катаалдашты Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча жарлыкка кол коюлду