Салижан Жигитовдун эки китеби жарык көрдү

Салижан Жигитов (1936-2006)

Салижан Жигитовдун прозалык чыгармаларынан турган "Күн тууду" жана поэзиялык чыгармалары чогултулган "Шуулдаба терегим, теректерим..." деген эки китеби жарык көрдү.
Китептердин бет ачары 14-октябрда Бишкекте болуп өттү. Иш-чарага акын-жазуучулар, адабиятчылар жана Салижан Жигитовдун жакындары катышты.

Калемгердин "Күн тууду" аттуу повести 1977-жылы “Мектеп” басмасынан өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

2001-жылы журналист, публицист Алым Токтомушевдин "Салижан Жигитовдун сабактары" аттуу китеби жарык көргөн.

Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын (ал кездеги Кыргыз АССРинин) Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Көлдүк айылында туулган.

Ал 1995–96-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун да жетектеген.

Салижан Жигитов 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Дагы караңыз

"Эмне үчүн айрым өлкөлөр бай, башкалары кедей" китебинин авторлору Нобел сыйлыгын алды ИИМ Бишкекте ишкерди уурдоого шек саналып эки адам кармалганын билдирдиДепутат 60тан ашуун бала бакча иштебей турганын сынга алдыБоом капчыгайында автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет