Карабаевдин иши: "Мыйзамсыз ишти ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым"

"Азаттыктын" коллажы

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ага айыптоо актысы убагында жазуу түрүндө берилбегендиктен, жараян 14-октябрга жылган.

8-октябрда өткөн соңку жараянда айыптоочулар айыптоо актысын угузган. Анда прокурор Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") жана 327- беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен айып коюлганын айткан.

"Айыптоо актысын тергөө бүтүп жатканда эле документтерге кол койдуруп, ошондо алыш керек да. Бирок, тилекке каршы, берилбептир", - деген эле активисттин адвокаты Акмат Алагушев.

Жоомарт Карабаев сот залынан чыгып баратып, коюлган айыптарды четке какты:

"Ден соолугум боюнча кайрылып жатып СИЗО 1ден жардам ала албай койдум", - деп кыска жооп бергенге үлгүрдү ал.

“Мен бийликти басып алууга же массалык башаламандыкка чакырык жасаган эмесмин. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым”, - деп айтканга жетишкен 8-октябрдагы жараяндан кийин Карабаев күзөтчүлөрдүн коштоосунда кетип баратып.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, 14-октябрдагы сотто Карабаев коюлган айыпты мойнуна албай турганын билдирди.

Адвокаты анын саламаттыгы начарлап кеткенин, дарыланууга муктаж экенин айтты.

Судья сот жараяндарынын тартибин аныктап, кийинки отурумдарда бул иш боюнча үч эксперт көрсөтмө бере турган болду. Айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Кийинки отурумду 24-октябрга белгиледи.

Буга чейин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, абактан президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Карабаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага да кат жазып, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү сураган. Ал тергөөдө зордук-зомбулукка кабылганын айткан.

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылган. Азырынча анын жыйынтыгы боюнча маалымат жок.

Шектүүнүн апасы Дамира Карабаева уулу чындыкты айтканы үчүн камалып жатканын айтып келет:

"Чындыкты айткан адам айыптуу болуп калат экен. Улуттук илимдер академиясында иштеп калды, так иштеп, чындыкты айтып койгон үчүн ал жактан да берене менен куулуп калган. Анан Олжобай Шакирдин сотунда күбө болуп, экспертиза боюнча туура эмес нерселерди айттың дегенинен башталды деп ойлойм".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактагы Карабаев кат жазып, коркутууга кабылганын айтты

Атайын кызматтын кызматкерлери Карабаевди быйыл 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Ал мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.

Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги буга чейин Карабаевдин айткандарын толук четке кагып, анын кылмыш ишине мекеменин байланышы жок экенин айтып келет.

Карабаев камакка алынганга чейин Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып келген.

Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес.