"Эмне үчүн айрым өлкөлөр бай, башкалары кедей" китебинин авторлору Нобел сыйлыгын алды

Экономика боюнча Алфред Нобел атындагы сыйлыктын быйылкы лауреаттары

Экономика боюнча Алфред Нобел атындагы быйылкы сыйлык "Эмне үчүн айрым өлкөлөр бай, башкалары кедей" деген китептин авторлоруна ыйгарылды. Бестселлерди америкалык университеттерде эмгектенген экономисттер Дарон Ажемоглу жана Жеймс Робинсон жазган. Аларга изилдөөчү Саймон Жонсон көмөктөшкөн.

Сыйлык авторлорго "институттардын түптөлүү процесстерин жана алардын экономикалык байгерликке тийгизген таасирин изилдегени" үчүн берилмекчи.

Ажемоглу менен Робинсон - институционалдык экономиканын негизги изилдөөчүлөрү. Сыйлыкка татыган экономисттер жарыяланар алдында Чикаго университетинин кызматкери Константин Сонин эки кесиптешин бул илимдин жаңы багытынын авторлору деп атаган. 2021-жылы алардын китебин "акыркы 50 жылда экономиканы жана саясатты анализдеген олуттуу эмгек" деп баалаган.

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы 1968-жылы Швециянын банкы тарабынан түптөлгөн.

Өткөн аптада Нобел сыйлыгынын кезектеги лауреаттары аталды. Аларды тапшыруу аземи 10-декабрда өтмөкчү.

Дагы караңыз

Тарых: "Кара Кыргыз" аталышындагы “кара” сөзүнүн таржымалыАКШ: Харрис менен Трамптын жарышын кызыткан маселелер "Салимбай байбачаны" Кыргызстан менен эмне байланыштырат?