Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгуу баштады

Тайван аба күчтөрүнүн согуш учагы. 14-октябрь, 2024-жыл

Кытай армиясы 14-октябрда Тайвандын жанында аскердик машыгуу баштады. Бээжин муну аралдагы “жикчил күчтөргө олуттуу эскертүү” деп сыпаттады.

Тайван Кытайдын кадамын «чагым» деп атады жана жооп катары өз аскерлерин кысыкка жөнөткөнүн кошумчалады.

"Синьхуа" агенттигинин маалыматына караганда, Тайвань кысыгындагы машыгууга жөө аскерлер, деңиз, аба жана ракета күчтөрү катышууда.

Кытай армиясынын расмий өкүлү Ли Син аскерлер «маанилүү порт, райондорду бөгөттөп, көзөмөлгө алуу, жердеги жана деңиздеги буталарга чабуул коюуга машыгарын” билдирди.

Тайвандын президенти Лай Циндэ улуттук коопсуздукту талкулоо үчүн чукул жыйын өткөрүп, Бээжиндин аракеттерине каршы чара көрүү тапшырмасын берди.

Ал арада Тынч океанда кытайлык жана орусиялык деңиз күчтөрүнүн машыгуусу уланууда. Орусиянын коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү билдиргендей, ага эки өлкөнүн алты кемеси катышууда.

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Кытай аралга кысым көргөзүп келет. Май айында кытай армиясы Тайван кысыгында жана Тайван көзөмөлдөгөн аралдардын айланасында ири машыгуу өткөргөн. Бээжин ал иш-чараларды “жикчил аракеттерге” жооп деп сыпаттайт.

1950-жылдары Кытайдын коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминдан" партиясы өлкөнүн Тайван аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Аралдын өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ “бирдиктүү Кытай” саясатын карманарын билдиргени менен, Бээжиндин күч колдонуусуна каршы болуп келатышат.

Дагы караңыз

АКШ: Харрис менен Трамптын жарышын кызыткан маселелерАдахан Мадумаров 11 журналистке чыккан сот өкүмүн сынга алды "Салимбай байбачаны" Кыргызстан менен эмне байланыштырат?