Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды

Жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-ноябрда өтөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик мекемелерди жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго кийлигишип, аралашпоону эскертти. Ал 12-октябрда Баткенде чек арачылар менен жолугушууда тиешелүү органдарды шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү, күмөндүүлөрдү тизмеден чыгарууну тапшырды.

"Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. Биз депутаттар таза болсун, элге, мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз. Артында калбыры бар, криминалга аралашкан, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузган адамдардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте ушундай туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Мен шайлоого катышкан саясатчы катары ушу шайлоонун азабын укмуш көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды?" - деди Ташиев.

Буга чейин Ташиев өзү бийликте турганда анын “Ата-Журт - Кыргызстан” партиясы шайлоого катышпасын билдирген.

Учурда бул партияга мүчө же буга чейин депутат болгондор башка партиялардын тизмеси менен шайлоого баратканы тууралуу айтылып жатат.

Административдик-аймактык реформадан кийинки жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-ноябрга белгиленген жана үгүт өнөктүгү 17-октябрда башталат.

Дагы караңыз

Лейлек районунда "Кайрагач" чек ара тозоту пайдаланууга берилди Зеленский украиналыктарга Жеңиш планын жакында тааныштыратӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирди Камбар-Ата-1 ГЭСи: донордук комитеттин алгачкы жолугушуусу өттүАшыкча жүгү бар машиналарга тогуз айда 86 млн сом айып пул салындыКара-Суу: селден жабыркагандар жардам жөнүндө Ташиевге даттанышты