Зеленский украиналыктарга Жеңиш планын жакында тааныштырат

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жакынкы күндөрү украиналыктарга Жеңиш планын тааныштырат. Бул тууралуу анын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди. Анын сөзүнө караганда, “пландын негизги багыты буга чейин кандайдыр бир так сандары жок айтылып келген жана эми кеңири презентация жакынкы убактарда уюштурулат”.

Өтүп бараткан жумада Зеленский АКШда жана бир катар Европа өлкөлөрүндө болуп, лидерлери менен жолугушууда Жеңиш планын тааныштырып, талкуулаган.

Италиянын өкмөт башчысы Жоржиа Мелони украин президенти менен кездешкенден кийин Рим кийинки жылдын жайында Украинаны калыбына келтирүүгө жардам берүү максатында конференция өткөрөрүн жарыялаган.

Украин президенти өнөктөштөр менен согушту токтотуу шарттарын эмес, жеңишке жетишүү формуласын жана планын талкуулап жүргөнүн белгилеген.

Дагы караңыз

Лейлек районунда "Кайрагач" чек ара тозоту пайдаланууга берилди Ливанда Израилдин чабуулунда бейпилдик күчтөрүнүн эки өкүлү жараат алды ӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирди Камбар-Ата-1 ГЭСи: донордук комитеттин алгачкы жолугушуусу өттүКара-Суу: селден жабыркагандар жардам жөнүндө Ташиевге даттанышты