Киев Луганскидеги мунай кампасына сокку урду

Апта башында аннексияланган Крымдын Феодосия портунда мунай базасында өрт чыккан.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Луганск облусунун оккупацияланган бөлүгүндөгү мунай кампасына сокку урулганын кабарлады.

Билдирүүдө бул базада "Орусиянын армиясы да керектеген" кара май, мунай өнүмдөрү сакталып келгени, бул жайда өрт тутанганы жазылган. Анын алдында Орусиянын Өзгөчө кырдаалрда министрилиги Ровеньки шаарында май куюлган жайда өрт чыкканы, ал өчүрүлгөнүн билдирген.

Апта башында, 7-октябрда аннексияланган Крымдын Феодосия портунда мунай базасында өрт чыккан. Анда орусиялык жана украиналык Телеграм-каналдары бул жайга дрондор менен чабуул жасалганын жазышкан. Өрт бир канча күндөн кийин өчүрүлгөнү белгилүү болгон.

Феодосия мунайды кайра жүктөө терминалы көлөмү жагынан Крымдагы эң чоң терминал. Крым.Реалии басылмасынын ырасташынча, жарым аралда эки гана мындай терминал бар, экинчиси Севастополдо жайгашкан.

Дагы караңыз

Ливанда Израилдин чабуулунда бейпилдик күчтөрүнүн эки өкүлү жараат алды Белгороддо жума күнкү чабуулда бир адам мерт болгону кабарландыӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирди Камбар-Ата-1 ГЭСи: донордук комитеттин алгачкы жолугушуусу өттүАшыкча жүгү бар машиналарга тогуз айда 86 млн сом айып пул салындыБаткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатат Кара-Суу: селден жабыркагандар жардам жөнүндө Ташиевге даттанышты