Аймактын чейрек кылымдык тарыхы, андагы урунттуу окуялар, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу тууралуу баяндайбыз.
Жаңжалдын артынан түзүлгөн облус
25 жылда Баткенде эмне өзгөрдү деген суроомду анчейин жактыра бербеген маектешим: “Жөнөкөй эле пенсияга чыгыш үчүн Ошко архивге барчубуз да”, - деди.
Баткендин тургуну 69 жаштагы Жоро Абдысатаров райондук гезитте сүрөтчү болуп иштеген. Ошондуктан аймактын чейрек кылым тарыхындагы урунттуу окуялар анын фотоаппаратынын объективи аркылуу өткөн.
“Керектөөлөрүбуздү алыш үчүн Өзбекстандын Риштанына, Коконго же Тажикстандын Исфара шаарына, 5-6 саат жол жүрүп Ошко барыш керек эле. Айталы, мааракеге нан алыш үчүн бир ай мурда нан бышырган жерге кезекке турат элек”.
"Муну азыр айтып берсең, жаш муун жомок сыяктуу кабыл алат", - дейт ал. Борбордон алыс жайгашкан өлөнүн эң четки аймагындагы соңку жылдардагы өзгөрүүлөр сырттан караган кишиге көп байкала бербейт. Бирок чөлкөмдүн кечээгисин жакшы билген Жоро Абдысатаров сыяктуу кишилердин эс тутумунда ар бир өзгөрүүнүн изи калган сыяктуу.
“Ошко барыш үчүн коңшу өлкөлөрдү аралап өткөн жолдорду пайдалант элек. Чек арадан өтүү аябай мүшкүл эле. Элдин арыз-муңу эске алынса керек, өзүбүздүн аймак аркылуу айланма жолдор салынды”.
Дагы караңыз Баткен коогасы: "Эл жоочулар түшөт деп чочуп турган"Жергиликтүү тургундар Баткен өз алдынча облус болуп түптөлгөндөн кийин өкмөттүк деңгээлде көңүл бурула баштады дешет. Баткен облусун түзүү чечими (1999-жылдын 13-октябрында) жөн жерден кабыл алынган эмес. Баткендин административдик макамын өзгөртүүгө ошол жылы аймакта болгон коогалаң таасир этип, бийлик бул процессти тездетүүгө аргасыз болгон.
380 миңден ашыгыраак калк жашаган, курамына Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаары, Кадамжай, Баткен Лейлек райондору кирген.
Баткендин ошол кездеги акими Абдырахман Маматалиев ошондогу абалды мындай мүнөздөдү.
“Мен барганда Баткен району, жалпы эле ошол аймакта абал оор экен. Өзбекстан менен Тажикстанды арлап өткөн жолдорго көзөмөл орнотуп, чек араларды жаап койгондон кийин алардын аймактарын айланып өткөн жолдор курулуп бүтө элек. Инфраструктра начар, элдин жашоосу оор болчу.
Баткен коогасы
1999-2000-жылдардын жай айларында “Өзбекстандын ислам кыймылы” террордук уюмунун 200-1000 согушкери эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп кирген. “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калган бул окуяда согушкерлер Зардалы айылында мектеп менен мечитте 45 күн бою өзүнүн кара байрагын илип турушкан. Алар менен сүйлөшүүгө барган Кыргызстандын расмий өкүлдөрү, аскер кызматкерлери барымтага алынган.
Аларга каршы аскердик операцияга 1500-2000 кыргызстандык аскер тартылган. 54 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. Качкындардын саны 4-8 миңге жеткен.
Анан ошол жылы Орусия аскерлери чек араларды кароону токтотуп, өзүнөр карап алгыла деп чыгып кеткен. Анан куралчандар бастырып кирип, эл кыйналып, маселе жаралганда облус түзүү чечими кабыл алынды. Биз да өз сунуштарыбызды бердик. Облус түзүүдө кайсыл жер борбор болсун деген маселе бир топ талкуу болду. Анан географиялык жайгашуусу, башка маселелер эске алынып, Баткен району облус борбору болуп калды”.
Маматалиев ошол учурда өлкөнүн экономикалык акыбалы да жакшы болбой, анын эпкини аймактарга, айрыкча Баткенге сезилип турганын белгиледи.
Облус түзүлгөндөн кийин туңгуч губернатор болуп Мамат Айбалаев дайындалып, төрт жылга жакын иштеген. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен, мамлекеттик чек ара тактала элек аймактар бар облусту негиздегенден кийин уюштуруу иштеринде иш ырааттуу кетпегени айтылып жүрөт. Айбалаев ошол маалда жергиликтүү бийликтин сунушу колдоо таппай, социалдык-экономикалык көйгөйлөр барган сайын тереңдеп кеткенин айтууда.
“Облусту түзүү эң жакшы таасир бере турган чечим болду. Бирок, облустун түптөлүүсүнө жетиштүү көңүл бурулбастан кала берди. Облустук мекемелер баары барып, мурдагы райондук имараттарга жайгашып калды. Жаңы имарттар курулган жок, өкмөттөн каржылык колдоо жакшы болбой калып кетти. Бир топ пландарыбыз бар эле ишке ашпай калды. Аймактын экономикасы начар эле. Биздин сунуштарды өкмөт укпай, каржыны жетиштүү бөлө албады. Ошол теоретиктер башкаруусунда өндүрүштү, ири ишканаларды талкалабаганда Айдаркендеги, Кадамжайдагы ири ишканалар иштеп турса, абал бир топ башкача болмок. Канчалаган азаматтарыбыз, адистерибиз жумушсуз калып, башка жактарга кетишти да”.
Баткен облусун түзүүдө өлкө казынасынан бир топ колдоолор убадаланып, атайын иш пландар бекитилген. Жыл сайын облусту түптөп, бутуна тургузуу, жаңы шарттарды жаратуу, экономикалык абалын чыңдоо үчүн 100 млн сомдон кошумча каралмай болуп, бирок ал каржы толук бөлүнбөй калган.
Облус түзүлгөндөн кийинки алгачкы уюштуруу иштеринин башында облустук администрациянын аппарат жетекчиси Максатбек Дыйканов турган.
“Облус түзүлгөнгө чейин элдин социалдык-экономикалык абалы начар болчу. Башка аймактарга салыштырмалуу ички дүң продукция жан башына салыштырганда дээрлик эки эседей төмөн эле. Согуштан кийинки талкаланган аймактай болуп куну учуп калган эле. Калк массалык түрдө миграцияга чыгып кетип жаткан болчу. Облус уюшулганда жыл сайын 100 миллион сомдон каражат бөлүнсүн деген чечим чыккан болчу. Биринчи жылы 60 млн сомдой, кийинки жылы 36 млн сомдой гана каражат бөлүнүп, ошол бойдон калып калды. Инфраструктура такыр эле жок болчу десем да болот. Тилекке каршы өкмөттөн каржылык колдоо жоктугунан бир топ жакшы жумуштар жасалган эмес”.
Кандай болгон күндө да Баткендин облус макам алышы менен аймакка көңүл буруу көбөйгөн. Ошол учурдагы президент Аскар Акаев: "Мага Кыргызстандын ар жери кымбат, бирок Баткен мага жакын" деген сыяктуу ураандарды таштап, аны саясий максатта колдонууга аракет кылган.
Дагы караңыз Баткен окуяларынын кетпес тагыБирок Баткен коогалаңы бүтүп, облус макамын алгандан кийин деле аймактагы коопсуздук, чек арадагы туруктуулук маселеси актуалдуу болуп турган. Айбалаев ошол маалда Бишкектен аскердик техниканы Баткенге жөнөтүп, коркунучтардын кайталанышына жол бербөө сунушун бергенин айтат.
Баткен облусу
Баткен – Кыргызстандын Фергана өрөөнүнө кирген үч облусунун бири. Облус түштүк-батышынан жана түндүгүнөн Тажикстан жана түндүк-чыгышынан Өзбекстан менен чектешет. Жалпы аянты 17 миң чарчы чакырымды түзүп, Кыргызстандын жалпы аймагынын 8,5% ээлейт.
Баткен облусунун курамына 3 район, 6 шаар (облустук маанидеги үч шаар – Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана райондук маанидеги үч шаар – Раззаков, Айдаркен, Кадамжай), шаар тибиндеги бир кыштак жана 31 айылдык аймак кирет.
2024-жылдын башындагы статистикага ылайык, Баткен облусунун тургундары 583 миң 400 адамга жеткен. Өлкөдө миграциялык агым боюнча Баткен алдыда турат.
“Балыкчыдагы аскердик танктардын 150сүн Баткенге алып баралы деп сунуш бергем. Ал сунушумду да укпай коюшту. Сатып жиберишти. Эгер ошол танктар, учактар сатылбай Баткенге барганда кийинки куралдуу кагылышуулар болбой калат эле. Жалаң лабораторияда отуруп, илимий иш менен алектенгендер менен өндүрүшчү катары менин пикирим дал келбей жатты”.
Чечилбеген чек ара
Баткен эки өлкө менен чектешип, айрым тилкелер тактала элек болгону үчүн аймакта коопсуздук маселеси курч эле. Кыргызстан менен Тажикстан 2002-жылдары чек араны аныктоо боюнча жумуштарын баштаганы менен 10-15 жыл бою жарытарлык иштер жүргөн эмес. Убакыттын өтүшү менен шарттуу чек аранын айланасында талаштуу участоктор, стратегиялык аймактар үчүн таасир талаш күчөйө берген. Көйгөй тереңдеп отуруп, 2014-жылдан баштап чек арадагы тирешүүлөр курал колдонуу менен коштоло баштаган. Жыл сайын чек арадагы майда-барат тирешүүлөрдүн 50дөн ашык учуру катталып турду.
Чек ара чыккан сайын облустагы эл турмушунан тарта коопсуздукка чейин маселе көтөрүлүп, бийлик ар кыл убадалары берип келди.
Айрыкча, 2021-2022-жылдары катары менен чек арада куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан эки жүздөй киши каза болду. Бул окуялардан кийин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоо иштери активдешип, акыркы учурда расмий маалымат боюнча 970 чакырымдан ашыгыраак чек аранын 50-55 чакырымдай тактала элек чек ара тилкеси калганы айтылган.
Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасынын чечилбей келгенине бир катар себептерди санады. “Эки мамлекеттин ортосундагы саясий келишпестиктер болуп жатты. Өлкөлөрдүн тышкы саясаты да дал келбей, карама-каршылыктар да орун алган. Ошол маалда эки мамлекет тең чек ара маселесин чечүү үчүн чечкиндүү кадамдарга бара алган жок. “Мен жооп берем, комиссия иштеп чыгып, сунуш бергиле” деген чечкиндүүлүк болбой, баарын өкмөттүк комиссияга түртүп коюп жүрүштү. Комиссиянын ыйгарым укуктары болгону менен айрым маселелерде укугу жок болчу. Кошуна мамлекеттердин комиссиясы менен сүйлөшүп, протоколго кол коюлгандан кийин аларды тергөөгө алган учурлар да болду. Ушундан улам комиссияда кылчактаган позициядан улам эки жактын тең иши жылбай калган убактар да бар. Дагы бир себеби – аткезчилик. Ошол маалда коңшу өлкөлөргө жүк, күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүп, Ооганстанга чейин ташып жүрүшпөдүбү. Алар да чек аранын такталбай турушуна кызыкдар болчу”.
Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы тилкелер боюнча да мунаса табылып калганын, жакында толугу менен чечилерин кошумчалады.
Кыргыз өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча жумушчу топторунун жолугушуулары достук маанайда жүрүп жатканын маалымдап келет.
Дагы караңыз Кыргыз-тажик чек арасы: 94% такталды, татаал аймактар калдыМиграциянын агымы
Облус тургуну Мансурбек ушул күндөрү 25ке чыкты. Орто мектепти аяктагандан кийин дароо эле Орусияга жумуш издеп кеткен. Айылга анда-санда келгени болбосо, соңку сегиз жылдык өмүрү ошол жакта өтүп жатат. Анын мекенде, туулган жеринде жашап, иштеп, үй-бүлө күтүп очор-бачар болсом деген кыялы болгону менен Баткендеги жашоо-шарт ага төп келбейт.
“Мен туулган жылы Баткен облусу түзүлгөн экен. Андан бери 25 жыл өттү. Баткенде калуу үчүн кандайдыр бир нерсе менен алектенип, өзүнө тарта турган бир нерсе болушу керек да. Жаштарды кармап кала тургандай өзүнө тарткан жумуш же кызыктыра турган бир нерсе болуш керек. Баткенде 300-500 адамды иш менен камсыздаган завод-фабрика болбосо... Баарыбыз эле ишкерлик менен алектене албайбыз. Бизнес үчүн капитал да жок. Бир жаңы нерсе ачайын десең, аны сатып ала турган эл да бай эмес. Баарыбыздын экономикалык абалыбыз бирдей эле. Эми акыркы жылдары чек ара деп анча-мынча көңүл бурулуп баштады. Жашоо жакшырып, кызыктырган бир өзгөрүүлөр болсо, барабыз да”, - деди Орусияда мигрант болуп жүргөн Мансурбек.
Баткен облусунда Мансурбек менен тагдырлаш болуп, миграцияда жүргөн тургундардын саны арбын. Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы маалыматына караганда, каттоосу Баткенде болуп, өзү ички жана тышкы миграцияда жүргөн жумушка жарамдуу катмар жалпы жашоочулардын 42,1% түзөт. Аймак боюнча алганда Баткен миграциялык агымы эң жогору облус болуп эсептелет.
Баткен облустук бийлик аймактан 26 миңден ашык адам чет өлкөлөргө жумуштап кеткенин билдирсе, миграция багытында иш алып барган эл аралык уюмдар облус калкынын 23% же башкача айтканда 130 миңдей адам миграцияда экенин айтып келет. Бул сандар да облустагы социалдык абалдын бир көрсөткүчү болуп берет.
Дагы караңыз "Миномёттор тынбай атылып жатты". Айдаркенге качкан тургундарӨткөн жылдын жыйынтыгы менен четте миграцияда жүргөндөр Баткен облусуна 16 млрд. сомдон ашыгыраак каражат которгону расмий айтылган. Жыл сайын эле ушул сумманын айланасында каражат мигранттардан келгени менен ал акчанын дээрлик баары эле күнүмдүк тирилик үчүн керектелип жатканы айтылып келет. Мигранттарды реинтеграциялоо боюнча өкмөттүк эмес уюмдар майда долбоорлорду ишке ашырып жатат, бирок азырынча кандайдыр бир ири демилгелер жок.
Жумушчу күчтүн басымдуу бөлүгү сыртта болгондуктан, аймакта киреше берген тармактарды жандантуу мүмкүн болбой жатканын Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышын депутаты, Баткен облусунун мурдагы губерантору Карамат Орозова билдирди.
“Бизде кадрлардын жетишпестиги, кирешенин аздыгы боюнча маселе бар. Шарттын начардыгы адискөй кадрлардын кетишин шарттап жатат. Ошондуктан Баткен облусу үчүн өзгөчө мыйзам менен мамлекет жаштарга бюджет эсебинен окутуп, аны актоо үчүн Баткенде белгилүү мөөнөткө иштетсе болот. Акыркы жылдары жакшы жылыштар болуп, мектеп, оорукана, социалдык мекемелер курулуп жатат. Бирок облустук орукана Баткен шаар боло электеги айыл болуп турганда курулган имараттар турат дагы деле”.
“Суу тартыш, экономика алсыз"
Баткен облусунун ички дүң өндүрүмүнүн 45% ашыгы айыл чарбасынан алынат. Тейлөө, курулуш, салык, турзим, инвестициялык жана негизги өндүрүш тармагы көп бөлүктү камсыздабайт. Дүң өнүмдү камсыздайт деген ири өндүрүш ишканалары жок. Айдаркен сымап жана Кадамжай сурма комбинаттары бир нече инвестициялык сунуштар болуп, аракеттер жасалганы менен ишке кирип кете албай турат.
Дагы караңыз Өкмөт Баткенге өзгөчө көңүл бурууну убада кылдыОблустун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов облуста айрым тармактык иштер жасалып жатканы менен жалпы өнүгүү байкалбай жатканын айтат. Анын пикиринде, тургундардын жашоо-турмушун өзгөртүү үчүн сугат суу маселеси чечилиши керек.
“100 миң гектарлаган жаңы жерлерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар аймакта. Долбоорлор да бар. Негизги кирешени айыл чарбасынан алып жаткандан кийин ошол багытка басым жасаш керек. Мамлекет ал жердеги социалдык болобу же башка маселеби локалдуу эле чечип же куруп берип жатат. Ал облус өнүгүп, өз маселесин өзү чече ала тургандай аймак кылууга аракет жасаш керек. Акыркы убакта мамлекет кайра калыбына келтирүү, социалдык муктаждыктарды чечип жатат. Бирок көп жылдарга алдын алган долбоорлорду ишке ашырыш керек. Азыр эми эл негизинен мигранттрадын эсебинен жашап жатат. Облус өзүн өзү бага тургандай шарт жаратыш керек деп ойлойм”
“Баткендин стратегиялык маселелери чечилип калды”
Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров облустун калыптануусу үчүн 25 жыл көп убакыт эмес экенин, бул мөөнөт аралыгында Баткендеги стратегиялык маселелер чечилип калганын белгиледи. Мисал катары электр энергиясы менен камсыздоодо жана жол каттамтарында Баткен кошуна өлкөлөрдөн көз каранды болбой калганын келтирди.
“Баткен облусу түзүлгөндө кээ бир бийликтегилерге да башка аймактар үчүн да Баткендин күн көрүп жаткан абалы ачылыш болду деп айтсак болот. Чыныгы абалы, шартынын оордугу көпчүлүккө маалым эмес болчу. СССР мезгилинде план берип ошонун аткарылышын гана талап кылып, айыл чарба продукцияларын, эт, тамеки өндүрүүчү аймак катары эле карап келишкен да. Облус түзүлгөндөн берки аралыкта эң чоң жетишкендик катары эгемендик бекемделди. Стратегиялык маселелер толук чечилди деп айтсак болот. Жол каттамдарыбыз кошуна өлкөлөргө көз каранды болчу. Эгемен жолдорубуз курулуп бүттү. Баткен району электр энергиясын Тажикстандан алчубуз, азыр өз аймагыбыздан электр линиялары тартылды. Чек араларды бекемдөө, коопсуздук маселесине олутту көнүл буруу зарылдыгы белгилүү болду. Эң зарыл делген маселелер чечилгенден кийин экономикалык-социалдык маселер экинчи орунда”.
Дагы караңыз Чек арада атылган ок: тараптар түшүндүрүү иштерин жүргүзөтОблустун мурдагы губернатору Карамат Орозова чек ара такталып бүткөнү менен коопсуздук жаатында дагы деле маселе бар экенин айтат. Орозова облус суугат сууну кошуна эки өлкө менен бөлүшүп пайдаланарын эске салып, аймак коопсуздугу ар дайым көңүл борборунда болсо дейт.
“Жакшы иштер жок эмес, курулуштар жүрүп жатат. Мектеп, медициналык мекемелер, жолдор курулуп жатат. Бирок мындан маанилүү маселе турат да. Чек ара такталды деген коопсуздукка чекит коюлду деген эмес. Такталып бүткөндөн кийин деле кошуна менен кошуна жер талашып, суу талашып урушуп кетип жатат. Бизде бир дарыянын суусун үч өлкө пайдаланабыз. "Өзүңө бекем бол, кошунаны ууру тутпа" дегендей алдыда коопсуздук багытын унутта калтырып койбогондой аракеттер керек. Дагы бир ойлонтчу маселе, элди көчүп кетпей тургандай кылып миграциянын санын кыскартып, шарт түзүш керек”.
Баткен облусу түзүлгөн учурда калкынын саны 380 миңден ашыгыраак болсо азыркы күндө калкынын саны 580 миңден ашты. Облус уюшулган 25 жыл аралыгында Жогорку окуу жайлар ачылып, Тажикстан менен Өзбекстандын аймактарын айланып өткөн жолдор курулду. Электр энергиясы Кыргызстандын аймагы аркылуу тартылып, толук камсыздалды.
2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу кагылыштардан кийин Баткен облусун өнүктүрүү үчүн атайын иш-мерчемдер кабыл алынып, өкмөт жыл сайын казынадан 500 млн. сомдон бөлүп турмай болгон. Бир канча инвестициялык форумдар уюштурулуп, аймакта калктын жашоо-шартын жакшыртуу пландары бекитилген. 92 айылга чек арадагы өзгөчө айыл макамы берилип, бул айыл жашоочуларынын пенсиясына жана балдар үчүн жөлөк пулдарына кошумча миң сомдон берилип турат. Салыктан жана төлөмдөрдөн жеңилдиктер каралган.
Өзбекстан менен чектеш аймактарында чек араны тактоо аяктап, демаркациялоо иштери жүрүп жатат. Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иши ушул жылы аягына чыгары божомолдонуп жатат.