Камбар-Ата-1 ГЭСи: донордук комитеттин алгачкы жолугушуусу өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Кыргызстанда 7-11-октябрь күндөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун донорлорунун Координациялык комитетинин алгачкы жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, делегация ГЭС курулуп жаткан аймакка барды.

“Долбоорду даярдоонун жүрүшүн жана мындан аркы биргелешкен кадамдарды талкуулоо үчүн Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү”, - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын июнь айында кыргыз өкмөтү Австриянын Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өткөргөн жана ал бул ГЭСти курууга байланыштуу донорлордун Координациялык комитетин түзүү менен аяктаганын билдирген. Ага бир катар эл аралык донорлор киргени айтылган.

Бул форумда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоору жаатында кызматташууга байланыштуу макулдашууга кол коюлган.

Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин парламентте үлүштөрдүн пайызынан улам тынчсыздануу айтылган.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.