Ашыкча жүгү бар машиналарга тогуз айда 86 млн сом айып пул салынды

Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар.

Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанда ашыкча жүк салынган машинанын айдоочуларына 86 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

“2024-жылдын тогуз айында жүргүнчү жана жүк ташыган 520 миңден көп машина текшерилди. Жыйынтыгында мыйзам бузууларга байланыштуу алты миңден ашык протокол түзүлдү, 86,2 миллион сом айып пул чегерилди. Былтыркы жылы ушул маалга карата бул көрсөткүч 45 миллион сомго жакын болчу”, - деп жазылган маалыматта.

Жыл башында аталган министрлик оор жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга мындан ары жаза катаалдаганын, айып пулдун өлчөмү көбөйгөнүн эскерткен.

Былтыр жана быйыл июнь айынан сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизилген.

Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар.

Былтыркы жылдан тартып өлкөдө оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык факторду толугу менен жоюу пландалып жатканы айтылган. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.

Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, ченемдерди сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жумуп, жемкорлук орногону айтылып келет.